Бишкекте бирөөнүн 150 миң долларын алдап алган шектүү кармалды
Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы 3-апрелде өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектүүлөр кармалганын билдирди.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 4-июлунда Бишкек шаарынын тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анын айтымында, ал 2023-жылдын 26-июлунда 150 миң долларын Кытайга которуп берүү үчүн берген, бирок алданган.
Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") боюнча катталган.
Милиция 1997-жылы туулган Х.А. аттуу шектүүнү кармады. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.