Кара-Сууда прокуратуранын жаңы имараты ачылды
Башкы прокурор М.К. Асаналиев Ош облусунун Кара-Суу районундагы прокуратуранын жаңы административдик имаратын ачты. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Ачылыш аземинде Башкы прокурор жаңы имарат кызматкерлердин ишин натыйжалуу уюштурууга бардык шарттарды түзөрүн белгиледи. Анын айтымында, бул прокуратура органдарынын мыйзамдуулукту камсыз кылуу жана жарандардын укуктарын коргоо боюнча ишин күчөтүүгө өбөлгө болот.
Белгилей кетсек, буга чейин райондук прокуратуранын кызматкерлери 1972-жылы курулган, эскилиги жеткен имаратта иштеп келишкен. Жаңы имарат кыска мөөнөттө курулуп бүтүп, заманбап талаптарга жооп берген шарттар менен камсыздалды.
Учурда мамлекет тарабынан прокуратура органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого өзгөчө көңүл бурулууда. Бул багытта кызматтык объекттерди куруу менен көзөмөлдөө ишмердүүлүгүн жана жарандарга көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу максаты көздөлүүдө.


