Кыргызстан Россиядан 1 млн доза вакцина алат
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Эрлист Акунбеков жетектеген делегация Россия Федерациясынын Владимир шаарындагы Жаныбарларды коргоо боюнча бүткүл россиялык илимий-изилдөө институтуна барды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Иш сапардын алкагында кыргыз делегациясы институттун илимий-өндүрүштүк базасы, ветеринардык препараттарды жана вакциналарды иштеп чыгуу боюнча заманбап технологиялары менен таанышты. Ошондой эле жаныбарлардын коркунучтуу ылаңдарын изилдөө жана мониторинг жүргүзүү маселелери талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстанга шарп ылаңына каршы 1 миллион доза вакцина жеткирүү боюнча келишим түзүлдү. Вакциналарды жакынкы арада алып келүү күтүлүүдө. Мындан тышкары, 2026-жылдын жай мезгилинин аягына чейин кошумча 3,5 миллион доза алып келүү пландалууда.
Тараптар эпизоотиялык абалды турукташтыруу, оорулардын алдын алуу жана ветеринардык коопсуздукту күчөтүү боюнча кызматташууну кеңейтүүнү макулдашты.
Ошондой эле балык илдеттерин изилдөө багытында биргелешкен иштерди жүргүзүү жана кыргызстандык адистерди окутуу, квалификациясын жогорулатуу боюнча келишимдерге жетишилди.
Бул кызматташтык Кыргызстандын биологиялык коопсуздугун камсыздоого жана айыл чарба продукциясын коргоого багытталган.

