Ноокатта 10 гектар жерге жаңы сорттогу алма жана гилас отургузулууда
Ош облусунун Ноокат районундагы Он эки бел айылында 10 гектар айыл чарба жерине алма жана кокон гилас көчөттөрү отургузулууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Долбоор Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин колдоосу менен ишке ашууда. Министрлик тарабынан жер аянты бөлүнүп берилип, жеке ишкер 150 метр тереңдиктен суу чыгарган. Учурда сууну топтоо үчүн бассейн (БСР) курулууда.
Ишкер Түркиядан жаңы сорттогу көчөттөрдү алып келип, сууну үнөмдөө максатында тамчылатып сугаруу системасын ишке киргизүүдө.
Долбоорду ишке ашыруу үчүн жалпы 34 млн сом инвестиция жумшалууда.
Министрлик белгилегендей, тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системаларын орнотууну каалаган дыйкандарга жеңилдетилген насыялар каралган.