Талас шаарында 1224 орундуу мектеп курулат

Талас шаарында 1224 орундуу мектеп курулат

Талас шаарында Россия Федерациясынын колдоосу менен курула турган 1224 орундуу мектептин долбоору талкууланды. Бул тууралуу шаардык мэрия маалымдады.

Жолугушууга Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев, Талас шаарынын мэринин орун басары Айбек Көчөрбаев жана Россия президентинин стратегиялык өнөктөштүк жана кызматташтык боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Антон Рыбаков катышты.

Тараптар долбоордун кийинки этаптарын, ошондой эле курулуш иштерин өз убагында жана сапаттуу бүткөрүү маселелерин талкуулашты.

Белгилей кетсек, Россиянын колдоосу менен Кыргызстанда жалпы 9 мектеп курулат. Алардын бири Талас шаарында жайгашат. Учурда мектеп куруу үчүн зарыл болгон инженердик иштер толук аяктаган.

Мындан тышкары окуңуз

Талас облусунда чакан ГЭСтер комплексинин курулушу башталды

Талас облусунда чакан ГЭСтер комплексинин курулушу башталды

Талас облусунда “Жерүй” чакан ГЭСтер комплексинин курулушу башталганын “Альянс Алтын” компаниясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоорду “Альянс Гидро” ЖЧКсы Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду, “Альянс Алтын” компаниясы жана “Мамлекеттик финансылык холдинг” ААКтын катышуусунда ишке ашырууда. “Жерүй” комплекси жалпы кубаттуулугу 24 МВтка чейин жеткен, жылына болжол менен 80 млн кВт·саат электр энергиясын өндүрө

Зергерчилик тармагында көмүскө жүгүртүү азайып, бюджетке түшкөн салык көбөйдү

Зергерчилик тармагында көмүскө жүгүртүү азайып, бюджетке түшкөн салык көбөйдү

Зергерчилик тармагына берилген жеңилдиктердин натыйжасында көмүскө жүгүртүү азайып, бюджетке түшкөн салык көбөйдү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов билдирди. Анын айтымында, буга чейин баалуу металлдар тармагы Финансы министрлигинин курамында болгон. Кийин тармак Мамлекеттик салык кызматына өткөрүлүп берилип, аны өнүктүрүү боюнча бир катар милдеттер коюлган. “Кыргызстанда зергерчилик үчүн керектүү

Кыргыз-кытай чек арасы эки күнгө жабылат

Кыргыз-кытай чек арасы эки күнгө жабылат

Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы убактылуу эки күнгө жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, чек ара Кытай тараптын демилгеси менен коңшу өлкөдө “Цинмин” күнүн белгилөөгө байланыштуу жабылууда. Ага ылайык, кыргыз-кытай тилкесиндеги “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрмө пункттары 4-апрелде саат 20:00дөн тартып иштебей калат. Өткөрмө пункттары 6-апрелде кайрадан

КФБ алтындын экинчи рыногун өнүктүрүүнү көздөйт

КФБ алтындын экинчи рыногун өнүктүрүүнү көздөйт

Арслан Кененбаев 3-апрелде Кыргыз фондулук биржасында алтын менен сооданын башталышында алтын инвестициялык портфелде маанилүү орунду ээлеши керек экенин билдирди. Анын айтымында, акыркы 20 жылда алтындын баасы болжол менен 20 эсеге өсүп, доллардан да озуп кеткен. "Азыр дүйнөдө геосаясий туруксуздук күчөп жатат. Ошондуктан ар бир инвестициялык портфелде баалуу кагаздар менен