Февралда 81 курулуш объектисине техникалык корутунду берилди
Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту республика боюнча 81 курулуш объектисине техникалык корутунду берди. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Корутундулар объектилердин жер титирөөгө туруктуулугун баалоого, ошондой эле долбоордук чечимдердин коопсуздук талаптарына жана техникалык стандарттарга шайкештигин аныктоого багытталган.
Текшерүүлөрдүн алкагында ар түрдүү багыттагы, анын ичинде социалдык инфратүзүм объектилери да камтылды.
Белгилей кетсек, техникалык корутундулар инженерлер тарабынан имараттарды реконструкциялоо иштерине техникалык баа берүү максатында даярдалат.