Баткенде чек араны бекемдөө иштери жүргүзүлүп жатат
КРнын бажы органдарынын жана Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлдөрү биргеликте мамлекеттик чек араны бекемдөө иштерине катышууда. Алар биргелешип Баткен облусунун Самаркандек айылындагы Оток тилкесинде тосмолорду орнотуу иштерин жүргүзүштү.
Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлагандай, чек араны бекемдөө иштерине катышуу демилгеси «Баткен» бажысынын кызматкерлери тарабынан офицердик жыйында сунушталып, колдоого алынган. Иш-чарага Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы А.А. Салиев баш болгон, «Баткен», «Ош», «Жалал-Абад» бажыларынын кызматкерлери, ошондой эле «МБИ» ААКтын өкүлдөрү катышышты.
Аталган иш-чаралар жеке курамдын жогорку патриоттуулугун, демилгелүүлүгүн жана биримдигин көрсөтүп, жаңыдан кызматка кабыл алынган кызматкерлер үчүн да үлгү болуп саналат.
Чек аранын алдын ала аныкталган тилкесинде тосмолорду орнотуу иштерине ар бир кызматкердин активдүү катышуусу өлкөнүн коопсуздугун жана туруктуулугун камсыздоого реалдуу салым кошууга даярдыгын чагылдырып, чек араны бекемдөө иштерин тездетүүгө өбөлгө түзөт.
