УКМК кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине 386 арыз түшкөн

УКМК кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине 386 арыз түшкөн

Максат Асаналиев Жогорку Кеңештин сот-укук маселелери, укуктук тартип, кылмыштуулукка каршы күрөш жана коррупцияга каршы комитетинин жыйынында УКМК кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери боюнча 386 арыз түшкөнүн билдирди.

Ал бул тууралуу депутат Нурбек Сыдыгалиевдин суроосуна жооп берип жатып айтты. Депутат ишкерлер УКМК кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине, тактап айтканда, мүлктү күч менен тартып алуу фактыларына даттанып кайрылып жатканын белгилеген.

Башкы прокурордун айтымында, "кустуризация" деп аталган процесстин алкагында айрым Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кызматкерлери өз ыйгарым укуктарынан ашып кетип, жарандардын мүлкүн өзүнө ыйгарып алышкан учурлар болгон.

"Бул фактылар боюнча кылдат иликтөө жүргүзүү керек", — деди ал.

Анын маалыматына караганда, мындай коррупциялык кылмыштар боюнча Аскер прокуратурасы 18 кылмыш ишин козгогон.

Натыйжада:

  • 9 УКМК кызматкери жоопкерчиликке тартылган;
  • алардын 8и камакта;
  • бирөө үй камагында.

Мындан тышкары окуңуз

Россиянын күйүүчү май рыногундагы абал жакшы эмеспи?

Россиянын күйүүчү май рыногундагы абал жакшы эмеспи?

Аналитиктердин пикиринде, 1-апрелден тарта киргизилген экспортко тыюу Россиянын күйүүчү май рыногундагы абалды толук турукташтыра албайт. Анткени кошумча күйүүчү май көлөмдөрү мунайды кайра иштетүүчү заводдордун токтоп калуусуна байланыштуу "жутулуп кетерин" "Компания Уфаойл" аналитикалык тобу билдиргенин Коммерсантъ жазды. Тыюу күн сайын өлкө ичинде кошумча 6–7 миң тонна

"Нарын" ЭЭАсы WFZO уюмуна толук кандуу мүчө болду

"Нарын" ЭЭАсы WFZO уюмуна толук кандуу мүчө болду

"Нарын" эркин экономикалык аймагы World Free Zones Organization уюмунун толук кандуу мүчөсү болуп, добуш берүү укугуна ээ болгонун президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин басма сөз кызматы билдирди. Алардын маалыматына ылайык, бул кадам Кыргызстандын эл аралык инвестициялык аренадагы позициясын бекемдөөгө жана глобалдык өнөктөштөр менен кызматташууну кеңейтүүгө маанилүү салым

"Кемин – Балыкчы" долбоору: 67,7 млн евролук электр линиясы колдоого алынды

"Кемин – Балыкчы" долбоору: 67,7 млн евролук электр линиясы колдоого алынды

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети "Кемин" жана "Балыкчы" подстанцияларынын ортосунда 500 кВ аба электр линиясын куруу долбоору боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Бул тууралуу ЖКнын Басма сөз кызматынан билдиришти. Долбоор Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы

Ошто коопсуздук эрежелерин бузган курулушка 200 миң сом айып салынды

Ошто коопсуздук эрежелерин бузган курулушка 200 миң сом айып салынды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош региондук башкармалыгы Ош шаарындагы 16 кабаттуу турак жай комплексинин курулушун текшерди. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Текшерүү жарандардын кайрылуусунун негизинде Курманжан-Датка көчөсү, 54 дарегинде жайгашкан объектте жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында техникалык коопсуздук эрежелеринин сакталбагандыгы, коопсуздук чараларынын жетишсиздиги жана кызма