Үрөнчүлүк жана питомник чарбаларына жеңилдетилген насыя берилет
Кыргызстанда ата мекендик үрөнчүлүктү жана питомник чарбасын өнүктүрүү максатында жеңилдетилген каржылоо механизми ишке киргизилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Бул демилге Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 24-мартындагы №191 токтомуна ылайык ишке ашырылууда. Программа бекитилген тизмеге кирген үрөнчүлүк жана питомник чарбаларына багытталган.
Анын алкагында коммерциялык банктар аркылуу жеңилдетилген кредиттер берилет. Негизги шарттарга ылайык, насыянын пайыздык чени 3%ды түзүп, мөөнөтү 36 айга чейин белгиленген.
Каржылоо төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:
- үрөнчүлүк чарбаларына — 60%дан ашпаган өлчөмдө;
- питомник чарбаларына — 40%дан кем эмес.
Берилген каражаттар үрөндөрдү жана көчөт материалдарын сатып алууга, сапаттуу продукция өстүрүүгө, ошондой эле тазалоо, иштетүү жана отургузуу үчүн заманбап жабдууларды алууга жумшалат.
Мындан тышкары, каржылоону ислам принциптерине ылайык алуу мүмкүнчүлүгү да каралган.
Бул программа айыл чарба өндүрүүчүлөрүн сапаттуу үрөн жана көчөттөр менен камсыз кылууга, ошондой эле тармактын ата мекендик потенциалын жогорулатууга багытталган.
Долбоорго катышууну каалаган чарбалар "Элдик Банк" жана "АБанк" филиалдарына кайрылып, кошумча маалымат ала алышат.