Айыл чарба тармагына 63 даана жаңы техника тапшырылды

Айыл чарба тармагына 63 даана жаңы техника тапшырылды

2026-жылдын 8-апрелинде КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине 63 даана атайын техниканын ачкычтарын расмий түрдө тапшырды.

Маалыматка ылайык, жаңы техникалардын 40 даанасы мамлекеттик бюджеттин эсебинен сатылып алынып, ага 128 млн сом жумшалган. Калган 23 техника эл аралык институттардын колдоосу менен алынган. Бул техникалар министрликтин райондук суу чарба башкармалыктарына бөлүштүрүлөт.

Иш-чаранын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасы тармакты техникалык жактан чыңдоо мамлекет үчүн артыкчылыктуу багыт экенин белгиледи.

Анын айтымында, 2021–2025-жылдар аралыгында суу ресурстары тармагына республикалык бюджеттен 21,4 млрд сом бөлүнгөн. Бул каражаттар ирригациялык системаларды оңдоо, каналдарды реконструкциялоо жана сууну натыйжалуу пайдалануу иштерине багытталган. Бул тармакка акыркы беш жыл ичинде 270 жаңы техника алынган. Өкмөт ирригация тармагын мындан ары да өнүктүрүп, материалдык-техникалык базасын чыңдоону улантарын Адылбек Касымалиев билдирди.

Белгилей кетсек, жакынкы аралыкта Баткен облусунда 4200 гектар жерди сугат суу менен камсыз кылуучу «Алга Кадам» ирригациялык долбоорунун негизги иштерин аяктоо пландалууда. Долбоор 2027-жылы толук пайдаланууга берилет.

Ошондой эле, 2026-жылга 5 270 гектар жерге тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системаларды орнотуу пландар коюлган. Президенттин тапшырмасына ылайык Министрлер Кабинетине 2030-жылга чейин 2 жүз миң гектарга тамчылатып сугаруу системасын орнотуу милдети коюлган.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Египет ортосунда визасыз режим макулдашуусу ишке кирди

Кыргызстан менен Египет ортосунда визасыз режим макулдашуусу ишке кирди

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Египеттин өкмөттөрүнүн дипломаттык, кызматтык жана атайын паспорт ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу макулдашуусун ратификациялаган мыйзам долбооруна кечээ кол койду.  Министрлер кабинети менен Египеттин өкмөтү 2025-жылдын 4-ноябрында Каир шаарында дипломаттык, кызматтык жана атайын паспорту бар жарандар үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу

Италияда үй жаныбарын багууга акы төлөнүүчү эмгек өргүү берилет

Италияда үй жаныбарын багууга акы төлөнүүчү эмгек өргүү берилет

Италия дүйнөдө биринчилерден болуп кызматкерлерге үй жаныбары ооруп калган учурда акы төлөнүүчү кыска мөөнөттүү өргүү алуу мүмкүнчүлүгүн мыйзамдуу түрдө бекиткенин "Извести" кабарлайт. Маалыматта белгиленгендей, жаңы тартипке ылайык, кызматкерлер жылына үч күнгө чейин өргүү ала алышат. Бул үчүн ветеринардык дарыгерден үй жаныбарынын абалы оор экенин жана шашылыш кам көрүү

Ноокен районунда кулпунай бышып, сатыкка чыкты

Ноокен районунда кулпунай бышып, сатыкка чыкты

Ноокен районунда кулпунай бышып, сатыкка чыкканын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, Эргеш Алиев айыл аймагынын тургуну былтыр сентябрь айында 1,40 гектар жерге 74 миң даана клери сортундагы кулпунай тиккен. Дыйкан сууну үнөмдөө максатында тамчылатып сугаруу системасын колдонгон. Ал кулпунай терүүгө айылдаштарын

Кыргызстан менен JICA кызматташууну кеңейтет

Кыргызстан менен JICA кызматташууну кеңейтет

Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Беназир Нурланова Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Башкы кеңсесинин Борбор Азия жана Кавказ бөлүмүнүн директорунун улук орун басары Сонояма Юка менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар көп жылдык өнөктөштүктүн учурдагы жыйынтыктарын талкуулап, өлкөнүн стратегиялык өнүгүүсүнүн алкагында кызматташуунун жаңы багыттарын белгилешти.  Тараптар өзгөчө көңүлдү