Азия чемпионаты: Кыргызстан грек-рим күрөшүндө 3 алтын медаль утуп алды

Азия чемпионаты: Кыргызстан грек-рим күрөшүндө 3 алтын медаль утуп алды

7-апрелде Бишкек шаарында өткөн спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча финалдык беттештер жыйынтыкталып, кыргызстандык балбандар үч алтын медаль багындырышты.

63 кг салмак категориясында Афтандил Таалайбек уулу финалда ирандык Эрфан Жарканини 7:2 эсебинде жеңип, Кыргызстанга алгачкы алтын медалды алып келди.

77 кг салмакта Акжол Махмудов чечүүчү кармашта ирандык Али Оскоону 3:3 эсебинде сапат көрсөткүчү менен утуп, экинчи алтынды камсыз кылды.

Ал эми 87 кг салмак категориясында Асан Жанышов ирандык Холамреза Фарохисенджани үстүнөн 11:4 эсебинде ишенимдүү жеңишке жетип, үчүнчү алтын медалды жеңип алды.

Муну менен Кыргызстан Азия чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча ийгиликтүү жыйынтык көрсөтүп, медалдык эсепти олуттуу толуктады.

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарба тармагына 63 даана жаңы техника тапшырылды

Айыл чарба тармагына 63 даана жаңы техника тапшырылды

2026-жылдын 8-апрелинде КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине 63 даана атайын техниканын ачкычтарын расмий түрдө тапшырды. Маалыматка ылайык, жаңы техникалардын 40 даанасы мамлекеттик бюджеттин эсебинен сатылып алынып, ага 128 млн сом жумшалган. Калган 23 техника эл аралык институттардын колдоосу менен

БШК депутат Абдылдабек Эгембердиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

БШК депутат Абдылдабек Эгембердиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Бүгүн, 8-апрелде КРнын Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда Жогорку Кеңештин депутаты Абдылдабек Жолдошалиевич Эгембердиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу чечими кабыл алынды. БШКнын маалыматына ылайык, депутаттын ыйгарым укуктары анын жеке арызынын негизинде токтотулуп, анын депутаттык ырастамасы жараксыз деп табылды. Эскерте кетсек, Абдылдабек Эгембердиев Жогорку Кеңешке №19 көп мандаттуу шайлоо округунан

Өлкөгө миллиондогон инвестиция тартып, SoftBank, Google жана Y Combinator'ду багындырган кыргызстандыктар

Өлкөгө миллиондогон инвестиция тартып, SoftBank, Google жана Y Combinator'ду багындырган кыргызстандыктар

Глобалдык жана регионалдык деңгээлде азыркы мезгил стартаптарды түзүү жана венчурдук инвестицияларды өнүктүрүү үчүн эң ыңгайлуу учурлардын бири болуп саналарын ЦАРЭС технологиялык форумунда Кыргызстандагы стартап-акселератордун башкы директору Даниэль Абдылдаев билдирди. Ал фаундерлерди үч топко бөлдү: борбордук азиялыктар, гибриддер жана юникорндар. Кыргызстандык Эркин Адылов дүйнөдөгү эң ири венчурдук фонддордун бири SoftBank Vision

“Ала-Тоо Резортко” баруучу жол быйыл пайдаланууга берилет

“Ала-Тоо Резортко” баруучу жол быйыл пайдаланууга берилет

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жайгашкан “Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа курортуна алып баруучу жолдун курулуш иштери жанданды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы Жыргалаң айылында кыш мезгили 7 айга чейин созулгандыктан, аба ырайынын жылышы менен жол куруу сезону башталып, учурда активдүү иштер жүрүп жатат. Тактап айтканда, Жыргалаң айылынан курортко чейинки