Чүйдө ичүүчү суу кызматтарынын тарифтери кайра каралды

Чүйдө ичүүчү суу кызматтарынын тарифтери кайра каралды

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Министрлер Кабинетинин тиешелүү токтомуна ылайык, Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмү тарабынан ОсОО "Маркетинг Сервис" ишканасы көрсөткөн кызматтардын тарифтери каралды.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын маалыматына ылайык, борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды агызуу кызматтары боюнча эсептик материалдар талданып, ишкананын тарифтеринин прейскуранты карап чыгылды.

Жыйынтыгында, аталган кызматтардын тарифтерин макулдашуу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлдү.

Ошондой эле бөлүм бул багыттагы ишмердүүлүктү мындан ары өнүктүрүү жана башка суу менен камсыздоо ишканаларында да ишти күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандыктарга жалпы 64,5 млн сом суммасында 176 унаа кепилдиги берилди

Кыргызстандыктарга жалпы 64,5 млн сом суммасында 176 унаа кепилдиги берилди

“Унаа” кепилдик продуктусу ишке киргизилгенден бери жарандар бул механизмди автокредиттерди алууда активдүү колдонуп жатканын “Кепилдик фонд” ААКсынан билдиришти. Фонддун маалыматы боюнча, “Унаа” кепилдиги 2025-жылдын август айында ишке киргизилип, кыска убакыттын ичинде жогорку суроо-талапка ээ экенин көрсөттү. 2025-жылы бул продуктунун алкагында 57,1 млн сом суммасында 154 кепилдик берилген. Ал эми

Бишкекте 400гө жакын лифттин кызмат мөөнөтү эбак өтүп кеткен – Р.Алиев

Бишкекте 400гө жакын лифттин кызмат мөөнөтү эбак өтүп кеткен – Р.Алиев

Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясы 8-апрелде Аламедин-1 кичи районундагы кооперативдердин өкүлдөрүнүн кайрылуусун карады. Кайрылуу көп кабаттуу үйлөрдөгү лифт жабдууларынын абдан эскиришине байланыштуу болгон. 10 үйдүн кызыкчылыгын коргогон Татьяна Горкинанын айтымында, 1979-жылы пайдаланууга берилген үйлөрдөгү лифттер 25 жылдык нормативдик мөөнөтүнө карабастан,

“Манас Ордо” реконструкциядан кийин күнүнө 10 миңге чейин конок кабыл алат

“Манас Ордо” реконструкциядан кийин күнүнө 10 миңге чейин конок кабыл алат

Талас облусундагы “Манас Ордо” улуттук комплексинде реконструкция жана курулуш иштери активдүү уланууда. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, облус башчысы Эрмат Жумаев курулуш иштеринин жүрүшүнө көзөмөл жүргүзүп, сапатка өзгөчө көңүл буруу жана иштерди ыкчамдатуу зарылдыгын белгиледи. Учурда “Манас Ордо” комплексинин жалпы аянты 225 гектарды түзөт. Жаңы долбоорго ылайык, музейдин аянты

Кыргызстанда жетимдерге 88 жер тилкеси, 9 турак жай берилген

Кыргызстанда жетимдерге 88 жер тилкеси, 9 турак жай берилген

Кыргызстанда жетим балдардын олуттуу бөлүгү мыйзам талаптарына карабастан турак жайсыз калып жатканын Салтанат Аманова 8-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, Турак жай кодексине ылайык, 16 жаштан 23 жашка чейинки жетимдер турак жай же жер тилкелери менен камсыз болушу керек. Бирок иш жүзүндө бул нормалар жетиштүү деңгээлде аткарылбай жатат. "