“Манас Ордо” реконструкциядан кийин күнүнө 10 миңге чейин конок кабыл алат

“Манас Ордо” реконструкциядан кийин күнүнө 10 миңге чейин конок кабыл алат

Талас облусундагы “Манас Ордо” улуттук комплексинде реконструкция жана курулуш иштери активдүү уланууда. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, облус башчысы Эрмат Жумаев курулуш иштеринин жүрүшүнө көзөмөл жүргүзүп, сапатка өзгөчө көңүл буруу жана иштерди ыкчамдатуу зарылдыгын белгиледи.

Учурда “Манас Ордо” комплексинин жалпы аянты 225 гектарды түзөт. Жаңы долбоорго ылайык, музейдин аянты 450 чарчы метрден 1500 чарчы метрге чейин кеңейтилет. Комплекс улуттук өзгөчөлүктөрдү заманбап жана улуттук стилде айкалыштырган маданий борборго айланат.

Долбоор ишке ашкандан кийин комплекс күнүнө 10 миңге чейин конок кабыл ала алган Борбор Азиядагы уникалдуу маданий жайга айланары күтүлүүдө. Анда административдик борбор, 300 орундуу конгресс-холл, улуттук стилдеги коттедждер, жайкы жана кышкы ашканалар, ошондой эле салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүчү жайлар курулат.

Мындан тышкары, 3500 орундуу маданий борбор, соода жана эс алуу галереясы да каралган.

Белгилей кетсек, аталган комплекс акыркы 30 жыл ичинде биринчи жолу ири реконструкциядан өтүүдө. Долбоор аяктагандан кийин 200дөн ашык жаңы жумуш орун түзүлүп, аймакта туризмди өнүктүрүүгө олуттуу салым кошот.

Мындан тышкары окуңуз

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

Эми салык төлөөчүлөр "Салык төлөөчүнүн кабинетинен" маанилүү өзгөрүүлөр, жаңылыктар жана билдирүүлөр тууралуу ыкчам маалымат ала алышат. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. Жаңы "Кабарламалар" сервиси салыктык кызматтарды колдонууда керектүү маалыматтарды өз убагында алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул салыктык кызматтарды санариптештирүү жана салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүнүн сапатын

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Нарын районунун Куйбышев айылында 375 орундуу жаңы мектептин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришити. Маалыматка ылайык, долбоор министрлик тарабынан ишке ашырылып, ага республикалык бюджеттен 151 млн сом бөлүнгөн. Жалпы аянты 2 297 чарчы метр болгон эки кабаттуу мектепте окуу класстарынан тышкары лаборатория,

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги алмуруттун туура сортун тандап, заманбап интенсивдүү технологияларды колдонуу менен аз аянттан жогорку түшүм алууга болорун белгиледи. Маалымдалгандай, интенсивдүү бак үчүн Кармен, Маузер жана Кыргызско-зимний сорттору сунушталат. Кармен - эрте бышуучу жана кызгылт түстөгү мөмөсү менен айырмаланса, Маузер түшүмдүүлүгү жогору жана ташууга чыдамкай. Ал эми Кыргызско-зимний - кеч

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы жаңы борбордук стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев өлкө башчысына объекттин негизги көрсөткүчтөрү жана учурдагы курулуш иштери тууралуу маалымат берди. Жаңы көп функционалдуу