Бишкекте 400гө жакын лифттин кызмат мөөнөтү эбак өтүп кеткен – Р.Алиев

Бишкекте 400гө жакын лифттин кызмат мөөнөтү эбак өтүп кеткен – Р.Алиев

Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясы 8-апрелде Аламедин-1 кичи районундагы кооперативдердин өкүлдөрүнүн кайрылуусун карады. Кайрылуу көп кабаттуу үйлөрдөгү лифт жабдууларынын абдан эскиришине байланыштуу болгон.

10 үйдүн кызыкчылыгын коргогон Татьяна Горкинанын айтымында, 1979-жылы пайдаланууга берилген үйлөрдөгү лифттер 25 жылдык нормативдик мөөнөтүнө карабастан, 45 жылдан ашык убакыттан бери колдонулуп келет.

Жыл сайын тургундардан болжол менен 800 миң сом чогултулат, анын ичинен 500 миң сомго жакыны жеке компания тарабынан лифттерди тейлөөгө кетет. Мындай шартта жаңы жабдууга акча топтоо мүмкүн эмес: жылына 300 миң сомдон бөлүнсө да, керектүү сумма ондогон жылдарда гана чогулат. Мындан тышкары, тургундардын 44%ы пенсионерлер болгондуктан, тарифтерди жогорулатуу да кыйын.

Вице-мэр Рамис Алиев "Бишкекгшаарлифт" ишканасында бир катар көйгөйлөр бар экенин ырастады.

Учурда ишкананын тейлөөсүндө болжол менен 900 лифт бар. Анын жарымы муниципалдык, калган бөлүгү башка (жеке же ТСЖ) лифттер. Лифттин кызмат мөөнөтү — 25 жыл.
"Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында 400гө жакын лифттин кызмат мөөнөтү өтүп кеткен. Алардын арасында 47 жыл иштегендери да бар. Мэрия жыл сайын лифттерди алмаштыруу планына 100гө жакын лифтти киргизет. Бул жылы 93 лифт каралган. Биз бекитилген план боюнча иштеп жатабыз.

Азыр “башка” лифттер маселеси курчуп турат. Ушундай темп менен жүрсөк, 3–4 жылда муниципалдык лифттер боюнча маселе чечилет, бирок башкалары боюнча көйгөй кала берет. Ошондуктан Бишкек шаардык кеңешинин токтомуна ылайык, “башка лифттер” категориясындагы үйлөр “Бишкекшаарлифтке” кайрылып, аларды муниципалдык лифттер категориясына өткөрүп, алмаштыруу тизмесине киргизсе болот",-дейт вице-мэр.

Муниципалдык үйлөрдөгү лифттерди алмаштыруу толугу менен шаар тарабынан каржыланат, ал эми тургундар чарчы метрине 8 сом 31 тыйын тариф төлөшөт.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто суу кампа куруп жаткан компанияга 200 миң сом айып салынды

Ошто суу кампа куруп жаткан компанияга 200 миң сом айып салынды

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош региондук башкармалыгы аймактагы курулуштарды текшерүүнү улантууда. Бут тууралуу Курулуш министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылаыйык, текшерүү учурунда Өзгөн районунун Кара-Шоро айыл аймагындагы Семиз-Көл айылындагы суу кампа объектисинде курулуш ченемдери жана талаптар бузулганы аныкталды. Жыйынтыгында курулушту жүргүзгөн "Жолдош-Курулуш" ЖЧКсына акт

Ишкер Media
Жол кирени төлөбөгөн жүргүнчүлөрдү аныктоого багытталган рейд жүрүүдө

Жол кирени төлөбөгөн жүргүнчүлөрдү аныктоого багытталган рейд жүрүүдө

“Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасы тарабынан коомдук транспортто жол кирени төлөбөгөн жүргүнчүлөрдү аныктоо максатында күн сайын рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Анын максаты белгиленген 17 сом өлчөмүндөгү жол кирени төлөбөгөн жүргүнчүлөрдү аныктап, жарандардын жоопкерчилигин жогорулатуу болуп саналат. Аталган ишкананы маалыматына караганда, рейддердин жүрүшүндө коомдук транспортто жол кирени төлөбөгөн жүргүнчүлөргө карата тиешелүү

Ишкер Media
Коопсуздук эрежесин бузган курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Коопсуздук эрежесин бузган курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек башкармалыгы курулуш объектилерин текшерүүнү улантууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, көзөмөл учурунда Көкөн тар көчөсү 25, 23, 21, 19 даректериндеги 9 кабаттуу турак жай жана 7 кабаттуу админ борбордун курулушунда ченемдер жана коопсуздук талаптары сакталбаганы аныкталды. Жыйынтыгында курулушту жүргүзгөн "Байхан Строй"

Ишкер Media
Өлкөдө бир аптада сасык тумоо менен ооруган 5,6 миңден ашык бейтап катталды

Өлкөдө бир аптада сасык тумоо менен ооруган 5,6 миңден ашык бейтап катталды

Өлкөдө бир аптада сасык тумоо менен ооруган 5,6 миңден ашык бейтап катталды. Алардын 4 миңге жакыны 14 жашка чейинки балдар. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирет. Мекеменин маалыматына караганда, сасык тумоо, вирустук инфекция жана коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал азырынча күтүлгөн деңгээлде сакталууда. Учурда

Ишкер Media