Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи агрегаты инженердик текшерүүдөн өткөрүлдү

Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи агрегаты инженердик текшерүүдөн өткөрүлдү

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатынын участогунда инженердик-техникалык текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Текшерүү иштери гидроагрегаттагы курулуш имараттарынын жер титирөөгө туруктуулугун баалоо, №2 суу өткөрүүчү туннелдин коопсуздугун камсыздоо жана компрессордук жабдууларды орнотуу иштеринин алкагында ишке ашырылды.

Адистер объекттин долбоордук жана техникалык документтерин изилдеп чыгып, керектүү үлгүлөрдү алышты жана тиешелүү чиймелерди түзүштү. Мындан тышкары, имараттардын конструкцияларына комплекстүү инженердик анализ жүргүзүлдү.

Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында курулуш конструкцияларынын техникалык абалы боюнча корутунду даярдалып, объектти мындан ары коопсуз пайдалануу боюнча сунуштар иштелип чыгары белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда жетимдерге 88 жер тилкеси, 9 турак жай берилген

Кыргызстанда жетимдерге 88 жер тилкеси, 9 турак жай берилген

Кыргызстанда жетим балдардын олуттуу бөлүгү мыйзам талаптарына карабастан турак жайсыз калып жатканын Салтанат Аманова 8-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, Турак жай кодексине ылайык, 16 жаштан 23 жашка чейинки жетимдер турак жай же жер тилкелери менен камсыз болушу керек. Бирок иш жүзүндө бул нормалар жетиштүү деңгээлде аткарылбай жатат. "

Башкы прокуратура бир жылда бизнес укуктары боюнча 577 мыйзам бузуу аныктап, 2 кылмыш ишин козгогон

Башкы прокуратура бир жылда бизнес укуктары боюнча 577 мыйзам бузуу аныктап, 2 кылмыш ишин козгогон

Башкы прокурор Максат Асаналиев 2026-жылдын 8-апрелинде Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында 2025-жылга карата ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгын билдирди. Анын айтымында, отчеттук мезгилде прокуратура органдары бизнес укуктарын сактоо боюнча 233 текшерүү жүргүзгөн. Натыйжада 577 мыйзам бузуу аныкталган. Аларды жоюу үчүн 347 прокурордук чара көрүү актылары киргизилген. Жыйынтыгында 136 кызмат

Өлкөдө жумуртка, пияз, күрүчтүн баасы арзандады

Өлкөдө жумуртка, пияз, күрүчтүн баасы арзандады

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан 2026-жылдын 1-апрелине карата Кыргызстанда, Россияда, Казакстанда азык-түлүк продуктуларына (нан азыктары, картошка, жашылча-жемиштер, мөмө-жемиштер, эт, сүт, кумшекер, жумуртка, өсүмдүк майы ж.б.) болгон баалар боюнча салыштырма мониторинг жүргүзүлдү. Мониторингдин жыйынтыгында Кыргызстанда сабиз – 1,4%, кум-шекер – 0,5%, кой эти – 0,

КРнын Эсептөө палатасынын аудиторлорунун саны кыскарып, жаңы 3 аудит дайындалды

КРнын Эсептөө палатасынын аудиторлорунун саны кыскарып, жаңы 3 аудит дайындалды

Жогорку Кеңештин депутаты, Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы  Алтынбек Кудайбердиев бүгүн пленардык жыйындын жүрүшүндө  Эсептөө палатасынын 6 аудитору кызматтан бошотулгандыгын маалымдады. Анын айтымында, эми парламент 3 аудиторду шайлай алат, анын ичинен: 1 аудитор президенттин сунушу менен, 2 талапкер Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан сунушталат. Ал эми буга