КРнын Эсептөө палатасынын аудиторлорунун саны кыскарып, жаңы 3 аудит дайындалды

КРнын Эсептөө палатасынын аудиторлорунун саны кыскарып, жаңы 3 аудит дайындалды

Жогорку Кеңештин депутаты, Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы  Алтынбек Кудайбердиев бүгүн пленардык жыйындын жүрүшүндө  Эсептөө палатасынын 6 аудитору кызматтан бошотулгандыгын маалымдады.

Анын айтымында, эми парламент 3 аудиторду шайлай алат, анын ичинен: 1 аудитор президенттин сунушу менен, 2 талапкер Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан сунушталат. Ал эми буга чейин иштеп жаткан алты аудитордон - кызмат ордунан бошотуу боюнча арыздары келип түшкөн.

Ага ылайык,  Алимжан Байгазаков, Уран Жумагулов, Жузупбек Нурматов, Алмаз Турдумалиев, Азамат Раматилаев жана Пардаали Батировдор ээлеген кызмат ордуларынан бошотулду.

КРнын Президентинин жана Министрлер кабинетинин ЖКги туруктуу өкулу Бектур Зулпиев Эсептөө палатасынын аудитин шайлоо жөнүндө баяндама жасап, президент тарабынан шайлана турган 1 өкүл тууралуу маалымдады. Ал КРнын Президентинин сунушу боюнча, КРнын Эсептөө палатасынын аудиторы катары Байказаков Алимжандын талапкерлигин сунуштап, ЖКтен колдоо тапты.  

Ошондой эле, ЖК тарабынан Эсептөө палатасына калган 2 аудиттик кызматка талапкерлер - Алмазбек Акматов жана Зарылбек Сатаевдер сунушталды.  Бул сунуш дагы ЖКтин депутаттарынын электрондук добуш берүүсүнүн натыйжасында бир добуштан колдоо тапты жана Эсептөө палатасынын 3 аудити тең - ЖКтин алдында ант беришти.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Түркиянын билим берүү тармагы талкууланды

Кыргызстан менен Түркиянын билим берүү тармагы талкууланды

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова Өзбекстанга болгон жумушчу сапарынын алкагында Түркиянын Жогорку билим берүү кеңешинин төрагасы Эрол Өзвар менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Алар илим жана билим берүү тармагындагы интеграцияны сапаттык жактан жаңы деңгээлге чыгарууга кызыкдар экендиктерин билдиришти. Билдирүүгө ылайык, тараптар жогорку

Ишкер Media
Кыргызстан менен Камбоджа кош салык салууну жоюу боюнча сүйлөштү

Кыргызстан менен Камбоджа кош салык салууну жоюу боюнча сүйлөштү

Кыргызстан менен Камбоджанын делегациялары кирешелерге кош салык салууну жоюу жана салык төлөөдөн качуунун алдын алуу боюнча макулдашуунун долбоорун талкуулашты. Бул тууралуу Экономика министрлиги маалымдады. Билдрирүүгө караганда, сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду 26–28-октябрь күндөрү видеоконференция форматында өттү. Анда тараптар салык салууга байланышкан негизги маселелерди карап, бир катар принципиалдуу жоболор боюнча макулдашууга

Ишкер Media
Оштогу таза суу маселеси: Еврация фонду 60 миллион доллар насыяны 20 жылдык мөөнөткө берүүдө

Оштогу таза суу маселеси: Еврация фонду 60 миллион доллар насыяны 20 жылдык мөөнөткө берүүдө

Бүгүн, 28-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасы менен Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Кыргыз Республикасынын Ош облусунун айылдагы калктуу конуштарын суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу” долбооруна каржылоо берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлайт. Жыйында

Ишкер Media
McDonald’s эмес, "Вкусно - и точка": Айыл чарба министрлиги маалыматты тактады

McDonald’s эмес, "Вкусно - и точка": Айыл чарба министрлиги маалыматты тактады

Кыргызстанга азык-түлүк жеткирүү пландары боюнча мурда айтылган McDonald’s ресторандар тармагынын ордуна Орусиянын "Вкусно - и точка" тармагы аталды. Бул тууралуу маалыматты Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги тактады. Министрликтин жаңыланган маалыматына ылайык, "РУЛОГ" компаниясы Burger King жана "Вкусно - и точка" ресторандар тармактары үчүн азык-түлүк

Ишкер Media