Кыргызстан менен Египет ортосунда визасыз режим макулдашуусу ишке кирди
Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Египеттин өкмөттөрүнүн дипломаттык, кызматтык жана атайын паспорт ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу макулдашуусун ратификациялаган мыйзам долбооруна кечээ кол койду.
Министрлер кабинети менен Египеттин өкмөтү 2025-жылдын 4-ноябрында Каир шаарында дипломаттык, кызматтык жана атайын паспорту бар жарандар үчүн визалык талаптарды өз ара жокко чыгаруу келишимине жетишкен.
Макулдашууга ылайык, Кыргызстан менен Египеттин дипломаттык, кызматтык жана атайын паспорту бар жарандары бул өлкөлөрдө 90 күн визасыз жүрө алышат.