Маркировкасы жок 22 тонна картошка Кыргызстанга киргизилген жок

Маркировкасы жок 22 тонна картошка Кыргызстанга киргизилген жок

7-апрелде Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгына караштуу “Ак-тилек автожолу” фитосанитардык текшерүү постунда Казакстан Республикасынан импорттолуп келген 22 тонна картошка продукциясы текшерүүдөн өткөрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Фитосанитардык көзөмөлдүн жүрүшүндө продукциянын таңгагында талапка ылайык маркировкасы жок экендиги аныкталды.

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 30-ноябрындагы №157 чечимине ылайык, карантинге алынган продукциянын ар бир таңгагында төмөнкү маалыматтар милдеттүү түрдө көрсөтүлүшү керек:

  • продукциянын аталышы
  • чыгарылган өлкө
  • экспорттоочу өлкө жана/же реэкспортер өлкө
Белгиленген талаптардын бузулушуна байланыштуу, аталган жүк Евразия экономикалык биримдигинин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарына жооп бербейт деп табылып, импорттоочу өлкөгө кайра кайтарылды.

Тиешелүү органдар мындай учурлар фитосанитардык коопсуздукту камсыздоо жана карантиндик зыянкечтердин жайылышын алдын алуу максатында катуу көзөмөлдөнөрүн эскертишет.

Мындан тышкары окуңуз

Айыл чарба тармагына 63 даана жаңы техника тапшырылды

Айыл чарба тармагына 63 даана жаңы техника тапшырылды

2026-жылдын 8-апрелинде КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине 63 даана атайын техниканын ачкычтарын расмий түрдө тапшырды. Маалыматка ылайык, жаңы техникалардын 40 даанасы мамлекеттик бюджеттин эсебинен сатылып алынып, ага 128 млн сом жумшалган. Калган 23 техника эл аралык институттардын колдоосу менен

БШК депутат Абдылдабек Эгембердиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

БШК депутат Абдылдабек Эгембердиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Бүгүн, 8-апрелде КРнын Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда Жогорку Кеңештин депутаты Абдылдабек Жолдошалиевич Эгембердиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу чечими кабыл алынды. БШКнын маалыматына ылайык, депутаттын ыйгарым укуктары анын жеке арызынын негизинде токтотулуп, анын депутаттык ырастамасы жараксыз деп табылды. Эскерте кетсек, Абдылдабек Эгембердиев Жогорку Кеңешке №19 көп мандаттуу шайлоо округунан

Өлкөгө миллиондогон инвестиция тартып, SoftBank, Google жана Y Combinator'ду багындырган кыргызстандыктар

Өлкөгө миллиондогон инвестиция тартып, SoftBank, Google жана Y Combinator'ду багындырган кыргызстандыктар

Глобалдык жана регионалдык деңгээлде азыркы мезгил стартаптарды түзүү жана венчурдук инвестицияларды өнүктүрүү үчүн эң ыңгайлуу учурлардын бири болуп саналарын ЦАРЭС технологиялык форумунда Кыргызстандагы стартап-акселератордун башкы директору Даниэль Абдылдаев билдирди. Ал фаундерлерди үч топко бөлдү: борбордук азиялыктар, гибриддер жана юникорндар. Кыргызстандык Эркин Адылов дүйнөдөгү эң ири венчурдук фонддордун бири SoftBank Vision

“Ала-Тоо Резортко” баруучу жол быйыл пайдаланууга берилет

“Ала-Тоо Резортко” баруучу жол быйыл пайдаланууга берилет

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жайгашкан “Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа курортуна алып баруучу жолдун курулуш иштери жанданды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы Жыргалаң айылында кыш мезгили 7 айга чейин созулгандыктан, аба ырайынын жылышы менен жол куруу сезону башталып, учурда активдүү иштер жүрүп жатат. Тактап айтканда, Жыргалаң айылынан курортко чейинки