Интерпол алдамчылык кылып издөөгө алынган 3 кыргызстандыкты кармады

Интерпол алдамчылык кылып издөөгө алынган 3 кыргызстандыкты кармады

Интерпол аркылуу эл аралык издөөгө алынган үч кыргызстандык жаран кармалганын ИИМ 9-апрелде кабарлады.

Шектүүлөрдүн бири - ири өлчөмдөгү уурулукка шектелип жаткан 34 жаштагы С. Д. А. аттуу жаран Сербиядан кармалган. Ал Манас шаарында үйдөн мамлекеттик сыйлыктарды, ири суммадагы акча жана кымбат баалуу компьютерлерди уурдаганы үчүн издөөгө алынганы айтылды.

Ал эми Испаниянын борбору Мадридден кармалган 41 жаштагы Ю А. С. жана 46 жаштагы Ю. П. В. жүк ташуучу унаа боюнча алдамчылыкка шектелип, издөөгө алынган. Алар, ИИМ билдиргендей, жүк ташуучу машиналарды сатып алып, ошол тармакта иш алып барышкан, бирок ири суммадагы акча алган соң милдетин аткарбай, из жашырып кетишкен.

Ушул тапта кармалган жарандарды Кыргызстанга алып келип, кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча иштер жүрүп жатат.

Буга чейин Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн бир нече кыргызстандык чет өлкөлөрдө кармалган.

Мындан тышкары окуңуз

Айдоочуларга эскертүү! Ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Айдоочуларга эскертүү! Ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жарандарды жана айдоочуларды коопсуздук чараларын сактоого чакырат. Маалыматка ылайык, 9-14-апрель күндөрү Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү жана бороон-чапкын болуу коркунучу күтүлөт. Айрыкча Бишкек – Ош жолунун Төө-Ашуу тилкесинде, Суусамыр – Талас-Тараз жолунун Өтмөк ашуусунда, Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун Долон ашуусунда жана Барскоон – Ак-Шыйрак жолунун Сөөк ашуусунда кооптуу

Казакстанда аялдардын пенсиялык жашы жогорулатылат

Казакстанда аялдардын пенсиялык жашы жогорулатылат

Казакстанда аялдардын пенсиялык жашы жогорулатыларын Эмгек жана калкты социалдык коргоо боюнча вице-министри Виктория Шегай билдирди. Анын айтымында, буга чейин аялдардын пенсиялык жашын жогорулатуу убактылуу токтотулган. "Бирок ал колдонуудагы мыйзамдарга ылайык акырындап 63 жашка чейин көтөрүлөт — эркектер менен тең деңгээлге жетет", — деди ал. Шегай бул чара келечектеги пенсия төлөмдөрүнүн

Эдил Байсалов кызматтан бошотулуп, АКШга элчи болуп дайындалды

Эдил Байсалов кызматтан бошотулуп, АКШга элчи болуп дайындалды

Байсалов Эдил Жолдубаевич мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Эдил Байсалов мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Америка Кошмо Штаттарындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды. Жарлык Конституциянын тиешелүү беренелеринин негизинде кабыл алынды.

Майлуу-Сууда 25 млн долларга дары-дармек заводун куруу пландалууда

Майлуу-Сууда 25 млн долларга дары-дармек заводун куруу пландалууда

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев дары-дармек каражаттарын чыгаруучу заводдун курулушу боюнча инвесторлор менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушууга Кытайдын EHD (Eurasian Healthcare Development), "Циньхуандао Тайчжи Медикал Текнолоджи Компани Лимитед" компанияларынын жана Польшанын "LEKAM" фармацевтикалык компаниясынын өкүлдөрү катышты. Тараптар катуу пероралдык, суюк дары