Майлуу-Сууда 25 млн долларга дары-дармек заводун куруу пландалууда
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев дары-дармек каражаттарын чыгаруучу заводдун курулушу боюнча инвесторлор менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушууга Кытайдын EHD (Eurasian Healthcare Development), "Циньхуандао Тайчжи Медикал Текнолоджи Компани Лимитед" компанияларынын жана Польшанын "LEKAM" фармацевтикалык компаниясынын өкүлдөрү катышты.
Тараптар катуу пероралдык, суюк дары формаларын, майларды жана стерилдүү препараттарды чыгара турган фармацевтикалык комплексти куруу маселелерин талкуулашты.
Маалыматка ылайык, долбоордун жалпы инвестиция көлөмү 25 млн АКШ долларын түзөт. Аны ишке ашыруу 800гө чейин жаңы жумуш ордун түзүүгө мүмкүндүк берет. Фармацевтикалык комплекс Майлуу-Суу лампа заводунун аймагында куруу пландалууда.
Жолугушуунун жыйынтыгында Адылбек Касымалиев мамлекет инвестициялык долбоорлорду колдоого даяр экенин билдирип, тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан бардык зарыл көмөк көрсөтүлөрүн белгиледи.

