Бишкекте 1600дөн ашык спортчу машыга турган спорт комплекси ачылды
Бишкек шаарында А. Токтоналиев көчөсү, 62 дарегинде жайгашкан көп функционалдуу спорт комплексинин салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев жана шаар тургундары катышты.
Ачылыш аземинде мэр шаарда спорттук инфраструктураны өнүктүрүү артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгилеп, тургундар үчүн заманбап жана коопсуз шарттарды түзүү боюнча иштер улантыларын билдирди.
Маалыматка ылайык, балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде учурда спорттун алты түрү — футбол, волейбол, баскетбол, шайбалуу хоккей, гандбол жана бадминтон өнүгүүдө. Жалпысынан 108 машыгуу тобунда 1600дөн ашык спортчу машыгып, алар менен 41 машыктыруучу, анын ичинде 5 эмгек сиңирген машыктыруучу иш алып барат.
Жаңы спорт комплекси жалпы аянты 2296 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу заманбап имараттан турат. Ага чектеш жер тилкесинин аянты 0,2637 гектарды түзөт.
Имараттын биринчи кабатында гардероб, машыктыруучулар жана калыстар бөлмөлөрү, чечинүү жайлары, санитардык түйүндөр жана эки толук өлчөмдөгү спорт аянтчасы жайгашкан. Экинчи кабатта машыгуу залы, медициналык кабинет жана техникалык бөлмөлөр каралган.
Курулуш иштеринде заманбап технологиялар колдонулуп, имараттын бекемдигин жана энергияны үнөмдөөнү камсыз кылган конструкциялар пайдаланылган. Долбоорду "Аль Фирдаус" компаниясы ишке ашырган.


