Бишкекте Айтматов проспектисинде жаңы кирүү жолдору пайда болот
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев көчмө жыйындын алкагында борбор калаанын жол-транспорт тармагын өнүктүрүү боюнча долбоорлор менен таанышты. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Чыңгыз Айтматов проспектиси боюнча "Фрунзе" турак жай комплексине жана "Ала-Арча" соода-оюн-зоок борборуна кирүүчү жолдорду уюштуруу пландалууда.
Мындан тышкары, шаарда эки жаңы жолду куруу маселеси каралууда. Тактап айтканда,
— Миңжылкыев көчөсү Чыңгыз Айтматов проспектисинен Тыналиев көчөсүнө чейин, узундугу 1,3 чакырым, эки тилкелүү жол;
— Арстанбек Дүйшеев көчөсү Чыңгыз Айтматов проспектисинен Байтик Баатыр көчөсүнө чейин, узундугу 1,1 чакырым, төрт тилкелүү жол.
Ошондой эле аталган аймактарда светофор орнотуу да пландалууда.
Белгиленгендей, Миңжылкыев көчөсүн куруу учурунда жол окуу жайларына жакын жайгашкандыктан, Кыргыз-Түрк "Манас" университетине чектеш аймактар долбоорго киргизилет.
Жөө жүргүнчүлөрдүн, айрыкча студенттердин коопсуздугун камсыз кылуу максатында жер алдындагы өтмөктөрдү куруу каралган.


