Бишкекте киберкылмыштуулукту алдын алуу боюнча тегерек стол өттү
Бишкек шаарында киберкылмыштуулуктун алдын алуу маселелерине арналган тегерек стол уюштурулуп, ага укук коргоо органдарынын, сот жана прокуратура өкүлдөрү, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик мекемелер катышып, талкуу жүргүзүштү.
Бишкек шаарынын ИИББнын башчысы милициянын полковниги Азамат Токтоналиев ишчаранын максаты жана мааниси тууралуу сөз сүйлөп, чогулгандарды аталган көйгөйгө өзгөчө көңүл бурууга чакырды:
“Бүгүнкү тегерек столдун уюштурулгандын бирден-бир себеби кибер кылмыштарына бөгөт коюу боюнча көйгөйлөрдү бирге карап чыгуу, сот тутумунун, прокуратура органдарынын, министрликтердин, тергөө кызматынын, финансылык жөнгө салуу болуп саналат. Мамлекеттик органдардын, ошондой эле башка кызыкдар түзүмдөрдүн өз ара аракеттенүүсүнөн чоң натыйжа чыгат деген ишеничтемин” – деди Токтоналиев.
Чогулгандар киберкылмыштардын учурдагы абалы, негизги тенденциялары жана аларды алдын алуу жолдорун ортого салышты. Баяндамачылар кылмышкерлердин иш алып баруу схемалары жана заманбап санариптик коркунучтар тууралуу маалымат беришти.
Тегерек столдун жыйынтыгында ведомстволор аралык кызматташууну күчөтүү, калк арасында санариптик коопсуздук боюнча түшүндүрүү иштерин активдештирүү жана кибер алдамчылыктарга каршы биргелешкен механизмдерди иштеп чыгуу боюнча сунуштар кабыл алынды.


