Чычкан капчыгайында дарактар зыянкечтен жабыркап, тиешелүү чара көрүү талап кылынууда
Токой кызматы тарабынан токойлорду коргоо боюнча жүргүзүлгөн иштердин алкагында Токтогул районунда текшерүү жүргүзүлдү. Аталган кызматтын маалыматына ылайык, Бишкек–Ош жолунун Чычкан капчыгайындагы дарактардын куурашы кара-коло мурутчан коңуздун таасиринен экени аныкталды.



Билдирүүгө караганда, бул маселе алгач 2016-жылы эле белгиленгенине карабастан, тиешелүү чара көрүлбөй келген. Ушул жылдын башында Токой кызматы тарабынан Мамлекеттик токой фондусунун аймагында ар кандай зыянкечтерге жана илдеттерге каршы күрөшүү боюнча ведомстволук жумушчу топ түзүлгөн. Аталган жумушчу топ иш сапары менен Токтогул районуна барып, ал жактагы зыянкечтерге байланыштуу атайын окутуу өткөрүлүп, мониторинг жүргүзүлүп, актуалдуу маселелер талкууланды.



Жыйынтыгында адистер жабыркаган дарактарды тез арада кыюу жана өрттөп жок кылуу боюнча сунуштарды беришти. Ошондой эле токойлорду зыянкечтерден коргоо иштерин күчөтүү зарылдыгы белгиленди.