Кочкордо 395 млн сомго жаңы автобекет курулуп жатат
Кочкор районунда жаңы автобекеттин курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, анын тендердик баасы 395 миллион сомду түзөт.
Курулуш иштери 2025-жылдын февраль айында башталып, учурда объекттин даярдыгы 45%га жетти.
Долбоорго ылайык, автобекеттин жалпы аянты 14 469 чарчы метрди түзүп, эки кабаттуу имаратты камтыйт. Мындан тышкары, транспорттук техникалык тейлөө жайы, унаа токтотуучу аянт жана аймакты көрктөндүрүү иштери да каралган.
Белгиленгендей, курулуш-монтаждоо иштеринин ар бир этабы текшерүүдөн өткөрүлүп, иштин жүрүшү Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнүүдө.


