Бишкекте 16-апрелде бир катар аймактарда суу өчүрүлөт
16-апрелде саат 09:00дөн 24:00гө чейин Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт.
"Бишкексууканал" муниципалдык ишканасы билдиргендей, өчүрүү "Баш-Кара-Суу" суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында реконструкция иштерин жүргүзүүгө байланыштуу болот.
Суу берүү төмөнкү аймактарда токтотулат: Сарбан, Жал, Жогорку Орок айылдары жана конуштары, Кашкабаш айылы, 105-контур, ЖЭБ-2 конушу, Достук айылы, Ак-Ордо жана Ак-Өргө конуштары, Селекция айылы, Сары-Өзөн конушу, Плодовое жана Калтар айылдары.
Ишкана келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, тургундарды жана мекемелерди алдын ала ичүүчү суу камдап алууга чакырат.
Ошондой эле жарандар «Менин шаарым» тиркемеси аркылуу пландуу жана авариялык суу өчүрүүлөр тууралуу маалыматтарды алып тура алышат.