Бишкектеги 20 жаңы мектептин курулушу тыкыр көзөмөлгө алынды
Бишкек шаарында курулуп жаткан 20 мектептин курулушу тыкыр көзөмөлдөнүүдө. Бул иштер Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасынын негизинде жүргүзүлүп жатат.
Ведомствонун маалыматына ылайык, дем алыш күндөрү министрликке караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун директору Канат Канболотов жана “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү бир катар курулуш объектилерин текшерип чыгышты.
Көзөмөлдүн алкагында курулуш аянтчалары жеринде каралып, иштердин жүрүшү бааланды. Ошондой эле куруучулар менен инженердик-техникалык маселелер талкууланып, сунуш-пикирлер айтылды.
Мындан тышкары, курулуп жаткан имараттардын сейсмикалык туруктуулугун камсыз кылуу маселесине өзгөчө көңүл бурулуп, тиешелүү кеңештер берилди.
Белгилей кетсек, Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Бишкек шаарында республикалык бюджеттин эсебинен 20 мектептин курулушу жүргүзүлүүдө.


