Бишкектеги "Нур-Суфра" кафесинин кызматкерлерине 17 миң сом айып пул салынды
Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясына белгиленбеген жерге таштанды ыргытылгандыгы тууралуу кайрылуу келип түшкөн.
Инспекциядан билдиришкендей, кызматкерлер окуя болгон жерге барып текшерүү жүргүзүшкөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө таштандыларды "Нур-Суфра" кафесинин кызматкерлери жерге төккөнү аныкталган.
Бул факты боюнча кафеге карата Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 115-беренесинин 1-бөлүгү менен 17 000 сом айып пул салуу боюнча протокол түзүлгөн.
Материалдар белгиленген тартипте андан ары кароо үчүн жөнөтүлөт.