Чолпон-Атада мыйзамсыз реконструкция үчүн 200 миң сом айып салынды

Чолпон-Атада мыйзамсыз реконструкция үчүн 200 миң сом айып салынды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ысык-Көл региондук башкармалыгы тарабынан курулуш объектилеринин мыйзамдуулугуна туруктуу көзөмөл жүргүзүлүүдө.

Ведомствонун маалыматына ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө Чолпон-Ата шаарынын Совет көчөсү 283 дарегинде жайгашкан май куюучу станцияны реконструкциялоо иштери тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз жүргүзүлгөнү аныкталды. Ошондой эле курулуш талаптарынын сакталбаганы белгилүү болду.

Бул аракеттер Кыргыз Республикасынын “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамынын талаптарын бузуу болуп эсептелет.

Жыйынтыгында реконструкция иштерин жүргүзгөн “Клайм Групп” ЖЧКсына 200 миң сом айып пул салынды. Мындан тышкары объектти мыйзамсыз пайдалангандыгы үчүн кошумча 23 миң сом айып пул белгиленди.

Аталган мыйзам бузууларга байланыштуу башкармалык тарабынан объектти демонтаждоо жана жер тилкесин баштапкы абалына келтирүү боюнча Ысык-Көл райондук сотуна доо арыз берилди.

Башкармалык курулуш иштерин жүргүзгөн бардык субъекттерди мыйзам талаптарын так сактоого чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

Лейлектик ишкер курма как жана өрүк майын өндүрүп, рынокко чыгарууда

Лейлектик ишкер курма как жана өрүк майын өндүрүп, рынокко чыгарууда

Кайра иштетүү жана органикалык айыл чарба департаментинин өкүлдөрү Лейлек районунун Жаңы-Жер айылындагы жеке ишкер Гулайым Добутованын ишмердүүлүгү менен жеринен таанышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Ишкер курма кургатуу, өрүк майын өндүрүү жана өрүк как даярдоо багытында иш алып барууда. Анын даярдаган продукциялары, анын ичинде курма кагы өлкө боюнча сатылууда.

Ысык-Көлдөн 14 200 метр синтетикалык тор чыгарылды

Ысык-Көлдөн 14 200 метр синтетикалык тор чыгарылды

Өткөн жуманын жыйынтыгы боюнча Ысык-Көлдүн түбүнөн жана жээктеринен жалпы узундугу 14 200 метрге жеткен синтетикалык балык уулоочу торлор чыгарылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясына караштуу Туристтик-экологиялык милиция билдирди. Мындан тышкары, кызматкерлер тарабынан 38 кап тиричилик жана өндүрүш калдыктары жыйналып, тиешелүү жайларга жеткирилди. Ошондой эле жергиликтүү тургундарга жана эс алуучуларга экологияны

Кыргызстанда быйыл 13 чакан ГЭС ишке киргизилет

Кыргызстанда быйыл 13 чакан ГЭС ишке киргизилет

Президент Садыр Жапаров энергетика тармагын өнүктүрүү жана альтернативдүү энергия булактарын көбөйтүү боюнча Энергетика министрлигине бир катар тапшырмаларды койгон. Ага ылайык, энергетика министри Таалайбек Ибраевдин жетекчилиги алдында калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу жана энергетикалык дефициттен чыгуу максатында ири долбоорлор ишке ашырылууда. Министрликтин маалыматына ылайык, 2026-жылы жалпы кубаттуулугу 81,03

Сокулукта 3,8 млн сомдук алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Сокулукта 3,8 млн сомдук алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Сокулук районунда ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, 11-апрелде Сокулук райондук милициясына Р.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал үстүбүздөгү жылдын 15-февралында чала таанышы андан жалпы баасы 3 853 000 сомду түзгөн мал жандыктарын карызга алып кеткенин билдирген. Анын