Кадамжайдагы Совет айылында ичүүчү суу системасы курулуп жатат
Кадамжай районунун Молдо Нияз айыл өкмөтүнө караштуу Совет айылында ичүүчү суу системасын куруу иштери активдүү жүрүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Бул иштер “Климаттын өзгөрүүсүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу” долбоорунун алкагында ишке ашырылууда. Долбоорду Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин Долбоорлорду ишке ашыруу тобу жүргүзүүдө.
Долбоордун негизги максаты — айыл тургундарын жөн гана суу менен камсыз кылуу эмес, коопсуздук стандарттарына жооп берген туруктуу суу системасын түзүү. Анын алкагында ар бир үйгө суу киргизилип, жергиликтүү калктын жашоо шартын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулууда.
Курулуш иштерин үстүбүздөгү жылдын экинчи кварталында аяктоо пландалууда. Жыйынтыгында Совет айылынын 2 миңге жакын тургуну үзгүлтүксүз жана таза ичүүчү суу менен камсыз болот.
Бул өз кезегинде аймактагы санитардык-гигиеналык абалды жакшыртып, жугуштуу оорулардын алдын алууга шарт түзөт.
