"Келечек" базарындагы ишкер президент С.Жапаровго коррупция боюнча даттанды
Ишкер айым Мээрим Ош шаарындагы "Келечек" базарын көчүрүү маселесин көзөмөлгө алууну Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдон суранды.
Анын айтымында, сырттан жардам болбосо, "Келечек" базары коррупцияга батып, бул абалдан чыга албай жатат. Ал түшүндүргөндөй, базарды көчүрүү тууралуу сөз болгондо соодагерлер биригип ассоциация түзүшкөн. Бирок азыр бул ассоциациянын башчысы Алибек жана подрядчылар жөнөкөй адамдарды кыйнап жатышат.
"Патент керек дешти — алдым, анан ККМ керек дешти — аны да алдым. Жеңишбек Токторбаев базарды бузардын алдында баарына жаңы базардан орун берилет деген. Бирок азыр айрымдарга орун берип, айрымдарга бербей жатышат. Баарын өздөрүнүн мурасы сыяктуу каалагандай кылышууда. Жаңы базардан үч орун үчүн мен 30% төлөгөм. Бирок ассоциация башчысы менен подрядчылар менин орундарымды “талон алууга кечигип калды” деген шылтоо менен үчүнчү жактарга мыйзамсыз сатып жиберишти. Мага орундарымды кайтарып беришпей жатат. Алибек өзү 70 орунду ээлеп алган. Бир орунду 10–15 миң долларга сатышууда, башында 5 миң доллар болчу", — деди ишкер айым.
Садыр Жапаров бул маселени укук коргоо органдарына текшерүүнү тапшырды.
Эске салсак, "Келечек" кийим-кече базары жеке менчик болуп саналат. Өткөн жылдын май айында Ош шаарынын мэриясы 1-июлдан тарта бардык ири базарларды жаңы муниципалдык соода комплексине көчүрүү башталарын билдирген. Бул чечим сооданы тартипке келтирүү, санитардык шарттарды жакшыртуу жана шаардын борборундагы транспорттук жүктү азайтуу максатында кабыл алынган.