Кочкордо 500 орундуу жаңы мектеп курулуп, пайдаланууга даярдалууда
Курулуш министрлиги тарабынан Нарын облусунун Кочкор районундагы Арабаев атындагы мектепке 500 орундуу жаңы мектеп имараты салынды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Мектептин курулушу 2023-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды. Учурда имаратты эмерек менен камсыздоо иштери жүргүзүлүүдө.
Жаңы мектептин жалпы аянты 4136 чарчы метрди түзүп, үч кабаттан турат. Окуучулар үчүн заманбап шарттар түзүлүп, окуу кабинеттеринен тышкары лаборатория, китепкана, IT кабинеттер, эмгек класстары жана спорт залы каралган. Ошондой эле мектептин аймагында футбол жана волейбол аянтчалары уюштурулат.
Белгилей кетсек, учурда иштеп жаткан мектепте 1800 окуучу билим алып, орун тартыштыгы жаралган. Жаңы мектеп пайдаланууга берилгенден кийин бул көйгөй чечилет.