Манас районунда 1350 метр жаңы сугат каналы казылды
Талас облусунун Манас районуна караштуу Арал айылынан түшкөн өзөндүн суусун М1 насостук станциясынын каналына багыттоо үчүн 1350 метр жаңы канал казылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул долбоордун негизги максаты — насостук станциянын электр энергиясын үнөмдөө жана сугат системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.
Жаңы каналдын ишке берилиши менен 600 гектар айдоо жердин сугат суусу жакшыртылат.
Канал казуу иштерине керектелген каражат Семетей айыл аймагынын бюджетинен бөлүнгөн. Долбоорду Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Манас райондук суу чарба башкармалыгы ишке ашырды.