Күч түзүмдөрүнүн ардагерлеринин пенсиясын жогорулатуу демилгеленди

Күч түзүмдөрүнүн ардагерлеринин пенсиясын жогорулатуу демилгеленди

Парламентте күч түзүмдөрүнүн ардагерлеринин пенсиясын жогорулатуу маселеси кайрадан көтөрүлдү. Бул тууралуу депутат Сүйүнбек Өмүрзаков жыйында билдирди.

Анын айтымында, акыркы жылдары президенттин демилгеси менен пенсиялар көбөйүүдө.

"Бирок күч түзүмдөрүнүн ардагерлеринин пенсиясы көтөрүлгөн жок. Бул маселени парламентте бир нече жолу көтөрдүк, бирок майнап чыккан жок. Күч түзүмдөрүнүн ардагерлерин пенсия менен камсыз кылуу боюнча комиссия түзүлдү, бирок анын жыйынтыгын бизге айтышпай жатат. Ардагерлердин кызматын унутууга болбойт", - деди Сүйүнбек Өмүрзаков.

Ал ошондой эле пенсиядагы укук коргоо органдарынын кызматкерлери коомдук транспортто "Тулпар" системасына кире албай жатканын кошумчалады жана Министрлер Кабинетинен бул маселени да чечүүнү суранды.

Мындан тышкары окуңуз

Адал-индустриянын талаптарын бузгандарга айып пул салынат

Адал-индустриянын талаптарын бузгандарга айып пул салынат

Президент Садыр Жапаров «Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду. Жаңы мыйзамга ылайык, адал өндүрүмдөрдү жана адал кызматтарды өндүрүү, сактоо, ташуу, сертификаттоо жана жүгүртүү боюнча талаптарды бузгандарга административдик жоопкерчилик киргизилди. Ага ылайык, жеке жактарга 7 500 сом, юридикалык жактарга 23 миң сом айып пул каралган. Ал эми

Наталья Никитенко жаңы кызматка дайындалды

Наталья Никитенко жаңы кызматка дайындалды

Наталья Никитенко Жогорку Кеңешке караштуу “Парламентти жана демократияны өнүктүрүү борбору” мамлекеттик мекемесинин директору болуп дайындалды.  Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, тиешелүү тескемеге парламент төрагасы Марлен Маматалиев кол койду. Белгилей кетсек, Наталья Никитенко V жана VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Ошондой эле төраганын орун басарлык милдетин дагы аткарган.

Ортоазиялык кундузду мыйзамсыз аткандарга 20 миң сом айып салынат

Ортоазиялык кундузду мыйзамсыз аткандарга 20 миң сом айып салынат

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөштү күчөтүп жатканын билдирди. Ведомствонун маалыматына ылайык, өлкө аймагында жаныбарлар дүйнөсүн коргоо жана браконьерликке бөгөт коюу максатында туруктуу негизде рейддер жана текшерүүлөр жүргүзүлүүдө. Ошондой эле жарандардан түшкөн маалыматтардын негизинде да мыйзам бузуулар аныкталып, тиешелүү чаралар көрүлүп жатат. Министрлик Кызыл китепке

Бийик тоолуу аймакта жашагандар үчүн  компенсациялар каралат

Бийик тоолуу аймакта жашагандар үчүн компенсациялар каралат

5-июнда бийик тоолуу аймактарда, алыскы барууга кыйын жана айрым бийик тоолуу калктуу конуштарында жашаган адамдарга кепилдиктерди жана компенсацияларды колдонууну жөнгө салуу жөнүндө токтом кабыл алынды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Аталган ченемдик укуктук актылар Кыргыз Республикасынын “Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын