Мектеп-интернатынын тарбиячыларынын айлыгын көтөрүү сунушталды
Жогорку Кеңештин депутаты Нилуфар Алимжанова бүгүнкү парламенттин жыйынында мектеп-интернаттарда тарбиячы болуп иштеген жарандардын маянасын көтөрүү керектигин белгиледи.
Эл өкүлү тарбиячыларга 25 %дык кошумча төлөм берүү, иш убактысына 1,5 ставка менен эмгек акысын төлөө жана класс жетекчилик үчүн кошумча акы караштыруу зарылдыгын белгиледи.
Эске салсак, 1-апрелден тарта бюджеттик мекемелердин айлыгы жогорулай турганын президент Садыр Жапаров билдирген.