Бишкекте эттин баасына карата рейд өткөрүлдү
Бишкектеги базарларда эттин баасын жогорулатууга жол бербөө максатында рейд өткөрүлдү.
Маалыматка таянсак, эт сатуучулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Эттин баасын жогорулатпоо жана жарандарды сапаттуу эт менен камсыздоо белгиленди. Ошондой эле, Ленин районунда этти социалдык баада саткан соода түйүндөрүнүн иши текшерилди.
“Кыргыз Агрохолдинг” ААК тарабынан этти арзан сатуу үчүн бөлүнгөн жер тилкелери, көчмө соода түйүндөрү көзөмөлдөндү.