Кыргызстанга 90дон ашык турист поезд менен келди

Кыргызстанга  90дон ашык турист поезд менен келди

Бүгүн, 17-апрелде Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынан Бишкек шаарына Англиянын «GOLDEN EAGLE TRAINS» компаниясына таандык эл аралык туристтик поезд келди. Поезд менен Батыш Европадан, Түндүк Америкадан жана Чыгыш Азиядан туристтер келишти. Бул тууралуу  “Кыргыз темир жолу” ишканасынан билдиришти.

Маалыматка таянсак, “Кыргыз Темир жолу” ишканасынын, Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын кызматкрлери туристтерди салтанаттуу тосуп алышты. Темир жол бекетинин аймагында элдик кол өнөрчүлүк көргөзмөсү уюштурулуп, анда туристтер шырдактарды, кийизден жасалган буюмдарды жана кыргыз элинин салттуу тиричилик буюмдарын көрө алышты. 

Салтанаттуу тосуп алуудан кийин туристтер Бишкек шаары боюнча обзордук экскурсияга чыгышты. Программада шаардын тарыхы, архитектурасы жана бүгүнкү шаар турмушу менен таанышышат.
Туристтердин Кыргызстандагы сапары 16-апрелде башталган. Ысык-Көл облусунда алар үчүн өзүнчө программа уюштурулуп, көл жээгинде сейилдөө, жаратылыш жана кыргыз элинин маданий салттары менен таанышуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.

Туристтик поезд 17 заманбап, ыңгайлуу вагондон турат. Жалпысынан өлкөгө 90дон ашуун турист келген.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Авазада бүгүн, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө

Ишкер Media
Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Уйкуну көзөмөлдөп, температураны өзү жөнгө салып, жүрөктүн кагышын жана дем алуу ыргагын өлчөп, адамды ойготкон «акылдуу» керебеттер пайда болду. Мындай технологиялардын бири — америкалык Eight Sleep компаниясынын Pod системасы. Ал кадимки матраска орнотулуп, уктап жаткан адамдын көрсөткүчтөрүн атайын сенсорлор аркылуу көзөмөлдөйт. Системанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — керебеттин эки тарабындагы температураны өзүнчө жөнгө

Ишкер Media
Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдиктин Кеңеши Россиянын чет өлкөлөрдөгү туруксуздаштыруучу аракеттерине жооп катары киргизилген айрым чектөө чараларынын мөөнөтүн 2027-жылдын 9-октябрына чейин узартты. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, чаралар Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө”, анын ичинде чет өлкөлүк маалымат мейкиндигин манипуляциялоо жана кийлигишүүгө (FIMI) байланыштуу киргизилген. Учурда бул санкциялык режимдин алкагында 80 жеке адамга жана 20 уюмга

Ишкер Media