1-класска 56 миңден ашуун бала катталды

1-класска 56 миңден ашуун бала катталды

 Агартуу министрлиги “Мектеп” автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу балдарды катттоону улантып жатат. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы ырасташты.

Министрликтин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө 56 миңден ашуун бала катталды.

Бишкек шаарында  -8 959;
Ош облусунда – 11 898;
Жалал-Абад облусунда – 10 581;
Чүй облусунда – 6 619;
Баткен облусунда – 6 384;
Ысык-Көл облусунда – 4 699;
Нарын облусунда – 2 699;
Ош шаарында – 2 171;
Талас облусунда – 2 532.

Быйылкы жылы өлкө боюнча 190 миңден ашуун квота каралган. Балдарды каттоо 1-класска чейин онлайн катооо 1-апрелден тартып башталган.

Мындан тышкары окуңуз

Кеминде уруксатсыз курулуш үчүн 200 миң сом айып пул салынды

Кеминде уруксатсыз курулуш үчүн 200 миң сом айып пул салынды

Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө департаментинин Чүй региондук башкармалыгы Кемин районундагы “Комбикорм заводунун” объектисинде мыйзам бузуу фактысын аныктады. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиргендей, объектте курулуш иштери тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз башталгандыгы жана мамлекеттик бирдиктүү курулуш реестрине катталбаганы белгилүү болду. Бул аракеттер “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамдын

Бишкекте көрүстөндөрдүн саны көбөйүшү мүмкүн

Бишкекте көрүстөндөрдүн саны көбөйүшү мүмкүн

Бишкекте көрүстөндөрдүн саны 36га чейин жетиши ыктымал. Бул тууралуу шаардык кеңештин 24-июндагы жыйынында “Бишкек ритуалдык кызмат көрсөтүү агенттиги” муниципалдык ишканасынын директору Кубат Курамаев билдирди. Анын айтымында, административдик-аймактык реформанын жүрүшүндө муниципалдык көрүстөндөрдүн саны 21ге көбөйгөн. Учурда айрым аймактарда документтештирүү иштери уланууда. Жыйынтыгында борбор калаадагы көрүстөндөрдүн жалпы саны 36га жетиши

Бишкектеги Иманалиев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкектеги Иманалиев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

26-июндан тартып Бишкектеги М.Иманалиев көчөсүнүн Байтик баатыр көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдирди. Маалыматка ылайык, жолду оңдоп-түзөө жана жакшыртуу иштеринин биринчи этабына байланыштуу унаалардын кыймылы убактылуу чектелет. Мындан тышкары, оңдоп-түзөө иштеринин экинчи этабынын алкагында М.Иманалиев көчөсүнүн Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн 7-

Кыргызстан менен Португалия кош салык салуудан качуу боюнча сүйлөшүүдө

Кыргызстан менен Португалия кош салык салуудан качуу боюнча сүйлөшүүдө

Кыргызстан менен Португалиянын расмий өкүлдөрү кирешеге кош салык салуудан качуу жана салык төлөөдөн баш тартуунун алдын алуу боюнча макулдашууну талкуулап жатышат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Белгиленгендей, бул иш-аракеттер эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүүгө, инвестициялык жагымдуулукту жогорулатууга жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө