Германиядагы мигранттар виза берүү тартибин жеңилдетүүнү өтүнүштү

Германиядагы мигранттар виза берүү тартибин жеңилдетүүнү өтүнүштү

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Германияда окуп, иштеп жүргөн мекендештер менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы ырастады.

Маалыматка ылайык, төрага менен болгон жолугушууда миграциялык, социалдык маселелер көтөрүлгөн. Мекедештер виза берүү тартибин жеңилдетүүнү өтүнүшкөн.

Муну менен катар маданий баалуулуктарды сактоо максатында ар кандай иш-чараларды өткөрүү үчүн кыргыз боз үйүн алып келип берүүнү суранышты.
Төрага резервдик фондунан каражат бөлүп, жасалгаланган кыргыз боз үйүн белек кыларын убада кылып, 31-август - Эгемендүүлүк күнүндө тиктирип берерин кошумчалады.

Мындан тышкары, айрым мекендештер Кыргызстанга инвестиция тартууга көмөктөшүүгө даяр экендиктерин билдиришсе, айрымдары Европада жашаган журтташтар үчүн кызматташуу аянтчасын түзүү зарыл экендигине токтолушту.

Мындан тышкары окуңуз

Ар бир үчүнчү кепилдик — аялдарга: Кыргызстанда ишкер айымдарга колдоо өсүүдө

Ар бир үчүнчү кепилдик — аялдарга: Кыргызстанда ишкер айымдарга колдоо өсүүдө

"Кепилдик фонд" ААКсы Кыргызстанда аялдар ишкердигин колдоону ырааттуу улантып, өз бизнесин өнүктүрүп жаткан аялдар үчүн каржылоого жеткиликтүүлүктү кеңейтүүдө. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча аял ишкерлерге берилген кепилдиктердин үлүшү жалпы кепилдиктердин 32%ын түздү. Башкача айтканда, дээрлик ар бир үчүнчү кепилдик аялдардын

Кара-Сууда “Ала-Тоо-Амир” ишканасы курут, чалап жана шербеттин түрлөрүн өндүрүүдө

Кара-Сууда “Ала-Тоо-Амир” ишканасы курут, чалап жана шербеттин түрлөрүн өндүрүүдө

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун аймагында жайгашкан “Ала-Тоо-Амир” жоопкерчилиги чектелген коому кайра иштетүү өнөр жайы тармагында туруктуу иш алып барып келет. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Ишкана учурда курут, чалап жана шербеттин түрлөрүн өндүрүп, күнүнө 6-8 тонна продукция чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Өндүрүш

Кочкор районунда “Адал азык” социалдык дүкөнү ачылды

Кочкор районунда “Адал азык” социалдык дүкөнү ачылды

Нарын облусунун Кочкор районунда калкты сапаттуу жана жеткиликтүү азык-түлүк менен камсыз кылууга багытталган “Адал азык” аталышындагы жаңы социалдык дүкөн өз ишин баштады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Аталган дүкөн “Тойбосс” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан ачылып, долбоор Кочкор райондук мамлекеттик администрациясы, Ормон-Хан айыл өкмөтү жана Кочкор райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын

Манас-Камышановка жолуна асфальт төшөлүп баштады

Манас-Камышановка жолуна асфальт төшөлүп баштады

Сокулук районуна караштуу Манас-Камышановка унаа жолунун 10 чакырымына асфальт төшөө башталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жалпы жолдун узундугу 30 чакырымды  түзөт. Унаа жол Манас, Дача-Суу жана Камышановка айылдарын бириктирген маанилүү транспорттук байланыш болуп саналат. Учурда  жол куруу иштери белгиленген графикке ылайык жүрүп