Манас шаарында мыйзамсыз сакталган тамекилер табылды
Салык кызматынын кызматкерлери рейддик салыктык көзөмөлдүн жүрүшүндө Манас шаарындагы “Береке” базарынан мыйзамсыз тамеки продукциясын аныкташты. Бул тууралуу салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, базардын унаа токтотуучу жайынан жалпы суммасы болжол менен 133 миң сомду түзгөн 1 миң 110 даана тамеки кутусу табылган. Продукцияда акциздик маркалар жана тиешелүү коштомо документтер болгон эмес.
Бул факты боюнча жеринде тиешелүү актылар түзүлүп, материалдар укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.