Кыргызстанда медициналык китепчелер электрондук китепчелерге өтөт

Кыргызстанда медициналык китепчелер электрондук китепчелерге өтөт

Саламаттык сактоо министрлиги Министрлер кабинетинин "2011-жылдын 16-майындагы №225 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтом долбоорун коомдук талкууга сунуштады.

Долбоорго ылайык, кагаз түрүндөгү медициналык китепчелерден электрондук медициналык китепчелерге өтүү, ошондой эле декреттелген контингент үчүн медициналык кароолорду уюштуруу жана андан өтүү процесстерин санариптештирүү каралган.

Долбоорду ишке ашыруу мамлекеттик маалыматтык системаларды колдонуу жана "Түндүк" платформасы аркылуу интеграциялоо менен санариптик чечимдерди киргизүүнү камтыйт.

Министрликтин маалыматына ылайык, медициналык кароолорду санариптештирүү жана электрондук медициналык китепчелерди киргизүү төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү берет:

  • медициналык мекемелерге баруу санын жана убакытты кыскартат;
  • медициналык кароодон өтүү жана китепче алуу процессин жөнөкөйлөтөт;
  • текшерүүлөрдүн жыйынтыктарына жеке кабинет жана мобилдик тиркемелер аркылуу электрондук форматта жеткиликтүүлүктү камсыздайт.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте саркынды сууларды тазалоочу жайдын 50 гектар аянты жаңыланууда

Ошто педиатрия боюнча эл аралык конференция өттү

Өлкө аймагында 3 баллга жакын жер титирөө катталды

Бишкекте 35 миң көрүүчүгө ылайыкталган Улуттук ат спорту комплексинин курулушу башталды

Гоголь көчөсүнүн 1,5 чакырымын реконструкциялоо иштери аяктады