Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 24 ардагери бар

Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 24 ардагери бар

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 24 ардагери калды, алардын ичинде Ленинград блокадасын башынан өткөргөндөр жана концлагерлердин мурдагы туткундары бар. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө  алардын ичинен сегизи— согуштун түз катышуучулары.
Аймактар боюнча:
Бишкек — 4;
Чүй облусунун Жайыл району — 2;
Нарын облусунун Ат-Башы району — 1;
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон району — 1.
Мындан тышкары, өлкөдө концлагерлердин жашы жете элек 6 мурдагы туткуну жашайт: алардын  төртөө Бишкек шаарында, бирден Жайыл районунда жана Жалал-Абад шаарында.

Ошондой эле Ленинград блокадасын башынан өткөргөн 10 адам бар: алардын сегизи Бишкекте, бирден Сокулук районунда жана Балыкчы шаарында жашайт.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Чүй районунун аймагын көрктөндүрүү долбоору даярдалды

Бишкекте узундугу 1 800 метрди түзгөн жол жаңыланды

Ысык-Көлдөн 600 метрлик мыйзамсыз балык уулоочу торлор чыгарылды

Асыл тукум мал чарбасын колдоого 3% менен кошумча 271 млн сом бөлүндү

Түптө наркы 155 миллион сомду түзгөн мектеп курулууда