Токтогул суу сактагычында мыйзасыз балык кармагандар аныкталды

Токтогул суу сактагычында мыйзасыз балык кармагандар аныкталды

18-апрелде Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын ыкчам тобу жана Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын инспекторлору Токтогул суу сактагычы аймагында күтүүсүз рейд жүргүзүштү. Бул тууралуу экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынан билдиришти.

Маалымтка ылайык, рейд учурунда айрым жарандар балык уулоочу торлорду сууга коюп жаткан учурда кармалды. Мыйзам бузуу фактылары жеринде катталып, тиешелүү чаралар көрүлдү. Жыйынтыгында 7 жаранга Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 267-беренесинин негизинде ар бирине 5 500 сомдон, жалпысы 38 500 сом айып салынды.

Текшерүү маалында мыйзамсыз кармалган балыктар да аныкталды.
А.Э. аттуу жарандан 3 даана сиг-лудога жана 7 даана севан форели. К.У. аттуу жарандан 8 даана севан форели жана 4 даана карась балыгы табылды.

Өкмөттүн №224 токтомуна ылайык, жаратылышка келтирилген зыян үчүн 34 542 сом өлчөмүндө доо коюлду. Мындан тышкары, рейд учурунда сууга жайылган болжол менен 560 метрге жакын тор жыйналып алынып, кошумча 100 метрге жакын жаңы синтетикалык торлор табылып, тазаланды. 

Мындан тышкары окуңуз

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Авазада бүгүн, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө

Ишкер Media
Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Уйкуну көзөмөлдөп, температураны өзү жөнгө салып, жүрөктүн кагышын жана дем алуу ыргагын өлчөп, адамды ойготкон «акылдуу» керебеттер пайда болду. Мындай технологиялардын бири — америкалык Eight Sleep компаниясынын Pod системасы. Ал кадимки матраска орнотулуп, уктап жаткан адамдын көрсөткүчтөрүн атайын сенсорлор аркылуу көзөмөлдөйт. Системанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — керебеттин эки тарабындагы температураны өзүнчө жөнгө

Ишкер Media
Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдиктин Кеңеши Россиянын чет өлкөлөрдөгү туруксуздаштыруучу аракеттерине жооп катары киргизилген айрым чектөө чараларынын мөөнөтүн 2027-жылдын 9-октябрына чейин узартты. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, чаралар Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө”, анын ичинде чет өлкөлүк маалымат мейкиндигин манипуляциялоо жана кийлигишүүгө (FIMI) байланыштуу киргизилген. Учурда бул санкциялык режимдин алкагында 80 жеке адамга жана 20 уюмга

Ишкер Media