Кара-Балтада заманбап технология менен таштанды полигонун куруу пландалууда

Кара-Балтада заманбап технология менен таштанды полигонун куруу пландалууда

Чүй облусунун Кара-Балта шаарында жапондордун «Фукуока» технологиясын колдонуу менен заманбап таштанды полигонун куруу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу пландалууда. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Маалыматка таянсак, долбоор экологиялык жүктөмдү кескин азайтууга жана таштандыларды башкаруунун заманбап стандарттарына өтүүгө багытталган.

Азия өнүктүрүү банкынын жана Жапон фондунун өкүлдөрү менен болгон жумушчу жолугушуунун алкагында долбоорду ишке ашыруу маселелери талкууланды. Анын ичинде «Фукуока» технологиясын киргизүү, гранттык каржылоону тартуу жана техникалык колдоо көрсөтүү каралды.

«Фукуока» технологиясы таштандылардын табигый ажыроо процессин тездетет, уулуу фильтраттардын пайда болушун азайтат жана курчап турган чөйрөгө зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын алдын алат. Салттуу полигондордон айырмаланып, ал өзүнөн-өзү өрттөнүү коркунучун минималдаштырат жана жагымсыз жыттардын жайылышын кыйла азайтат.

 Долбоорду ишке ашыруу төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:

Топурактын жана жер астындагы суулардын булганышын азайтууга;

Тургундар үчүн санитардык коопсуздукту жогорулатууга;

Өлкө боюнча ушундай чечимдерди киргизүү үчүн модель түзүүгө;

Заманбап экологиялык технологияларга өтүү жарандардын ден соолугун коргоо жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү үчүн зарыл шарт болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Авазада бүгүн, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө

Ишкер Media
Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Уйкуну көзөмөлдөп, температураны өзү жөнгө салып, жүрөктүн кагышын жана дем алуу ыргагын өлчөп, адамды ойготкон «акылдуу» керебеттер пайда болду. Мындай технологиялардын бири — америкалык Eight Sleep компаниясынын Pod системасы. Ал кадимки матраска орнотулуп, уктап жаткан адамдын көрсөткүчтөрүн атайын сенсорлор аркылуу көзөмөлдөйт. Системанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — керебеттин эки тарабындагы температураны өзүнчө жөнгө

Ишкер Media
Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдиктин Кеңеши Россиянын чет өлкөлөрдөгү туруксуздаштыруучу аракеттерине жооп катары киргизилген айрым чектөө чараларынын мөөнөтүн 2027-жылдын 9-октябрына чейин узартты. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, чаралар Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө”, анын ичинде чет өлкөлүк маалымат мейкиндигин манипуляциялоо жана кийлигишүүгө (FIMI) байланыштуу киргизилген. Учурда бул санкциялык режимдин алкагында 80 жеке адамга жана 20 уюмга

Ишкер Media