Нарында үй-бүлөлүк велотур өтөт

Нарында үй-бүлөлүк велотур өтөт

Нарын шаарында жана ага канаатташ жайгашкан аймактарда 4-7-май күндөрү “Эки Нарын 2026-“ үй-бүлөлүк велотур өтөт. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы  ыйгарымдуу өкүлүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, төрт күнгө ылайыкталган программа 20 чакырым аралыкка велосипеддик жүрүш, жөө сейилдөөлөрдү, этномаданий фестивалдага, улуттук оюндарга катышууну жана жергиликтүү театрларда өтүүчү маданий иш- чараларды  камтыйт.

Үй-бүлөлүк велотур активдүү эс алууну жана аймактын туристтик жагымдуулугун арттыруу максатын көздөп дени сак жана маданий үй-бүлөлүк эс алуу шарттарды түзөт. Ошондой эле иш-чара Нарын облусунун спорттук туризм үчүн жагымдуу аймак катары туристтик имиджин калыптандырууга өбөлгө болот.

Мындан тышкары окуңуз

ӨКӨФ жана IFC Кыргызстан - Өзбекстан ортосундагы туризмди өнүктүрүүнү талкуулады

ӨКӨФ жана IFC Кыргызстан - Өзбекстан ортосундагы туризмди өнүктүрүүнү талкуулады

Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (ӨКӨФ) жетекчилиги Эл аралык каржы корпорациясынын (IFC) өкүлдөрү менен туризм тармагындагы кызматташтыктын келечегин талкуулады. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, өткөн жумада Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун кеңсесинде ӨКӨФтүн жетекчилиги менен Эл аралык каржы корпорациясынын (IFC) өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуусу болуп өткөн. Жолугушуунун жүрүшүндө

Ишкер Media
Экономика министрлиги Дүйнөлүк банк менен мамлекеттик ишканалар реформасын талкуулады

Экономика министрлиги Дүйнөлүк банк менен мамлекеттик ишканалар реформасын талкуулады

Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы жетекчиси Хью Ридделл менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалым болгондой, жолугушууда мамлекеттик катышуусу бар ишканалар секторундагы реформалар, активдерди натыйжалуу пайдалануу жана корпоративдик башкарууну жакшыртуу маселелери талкууланды. Тараптар Швейцариянын SECO уюму каржылаган жана Дүйнөлүк банк ишке ашырган "Мамлекеттик

Ишкер Media
Чүйдө 110 млн сомдук муздаткыч комплекси ачылды

Чүйдө 110 млн сомдук муздаткыч комплекси ачылды

Чүй облусунун Беловодское айылында "Клубмалина" ЖЧКсынын заманбап муздаткыч комплекси ишке берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, долбоор министрликтин "Климатка туруктуу нарк чынжырчаларын өнүктүрүү" долбоорунун алкагында ишке ашты. Ачылышка министрдин орун басары Мирбек Дуйшеев, долбоор бөлүмүнүн директору Тамчыбек Тулеев жана фермерлер катышты. Комплекстин жалпы наркы

Ишкер Media
РФнын Борбордук банкы санарип рубль пайдалуу боло турган үч учурду атады

РФнын Борбордук банкы санарип рубль пайдалуу боло турган үч учурду атады

Россиянын Борбордук банкы санарип рубль кадимки төлөм ыкмаларына салыштырмалуу пайдалуу боло турган үч жагдайды атады. Алардын катарына ири суммадагы акчаны акысыз которуу, ишкерлердин төлөмдөрдү кабыл алуудагы чыгымдарын азайтуу жана компаниялардын эмгек акы төлөө чыгымдарын кыскартуу кирет. Бул тууралуу Россиянын Борбордук банкынын төрагасынын орун басары Зульфия Кахруманова айткандыгын “Комсомольская правда” радиосуна

Ишкер Media