Саламаттыкты сактоо министрлиги маяна тууралуу түшүндүрмө берди

Саламаттыкты сактоо министрлиги маяна тууралуу  түшүндүрмө берди

Социалдык тармактарда медицина кызматкерлеринин айлык маянасы боюнча дүмүрчөктүн сүрөтү тарап, кызуу талкууга алынган. Бул маалыматка карата Саламаттыкты сактоо министрлиги расмий билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, тарап жаткан дүмүчөктөгү эсептелген эмгек акы март айына тийиштүү. Президенттин жарлыгына ылайык, медицина кызматкерлеринин айлыгы 1-апрелден тарта көбөйтүлдү. Март айында эмгек акы мурдагы эсеп менен берилген, ал эми жогорулатылган эмгек акы апрель айынын жыйынтыгы менен, айдын аягында төлөнөт.

“Тараган дүмүрчөктө толук ставка эмес, 0,5 ставкада иштеген кызматкердин эмгек акысы көрсөтүлгөн. Мурда мындай ставка 8617 сомду түзсө, азыр болжол менен 13 миң 500 сомго чейин жогорулайт. Мындан тышкары, 7 500 сом өлчөмүндө президенттик компенсация кошулуп, жалпы эмгек акы 21 миң сомго чейин жетет”,  - деп айтылат маалыматта.

Министрлик толук ставкадагы дарыгерлер үчүн мисал келтирди:

1 ставка (10 жылдык тажрыйба, II квалификациялык категория):

Базалык маяна: 27 104 сом

Иш стажы (10%): 2 710 сом

Квалификациялык категория үчүн кошумча: 2 миң сом

Жалпы эсептелген эмгек акы: 31 миң 814 сом

Ага кошумча президенттик компенсация: 15 миң сом

Жалпы эсептелген сумма: 46 миң 814 сом

Колуна: 39 миң 260 сомго чейин.

Буга байланыштуу министрлик медицина кызматкерлер жана ЖМК өкүлдөрүн расмий такталган маалымат толук жарыяланганга чейин такталбаган маалыматтарды таратуудан карманууну суранат. 

Мындан тышкары окуңуз

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Авазада бүгүн, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө

Ишкер Media
Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Уйкуну көзөмөлдөп, температураны өзү жөнгө салып, жүрөктүн кагышын жана дем алуу ыргагын өлчөп, адамды ойготкон «акылдуу» керебеттер пайда болду. Мындай технологиялардын бири — америкалык Eight Sleep компаниясынын Pod системасы. Ал кадимки матраска орнотулуп, уктап жаткан адамдын көрсөткүчтөрүн атайын сенсорлор аркылуу көзөмөлдөйт. Системанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — керебеттин эки тарабындагы температураны өзүнчө жөнгө

Ишкер Media
Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдиктин Кеңеши Россиянын чет өлкөлөрдөгү туруксуздаштыруучу аракеттерине жооп катары киргизилген айрым чектөө чараларынын мөөнөтүн 2027-жылдын 9-октябрына чейин узартты. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, чаралар Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө”, анын ичинде чет өлкөлүк маалымат мейкиндигин манипуляциялоо жана кийлигишүүгө (FIMI) байланыштуу киргизилген. Учурда бул санкциялык режимдин алкагында 80 жеке адамга жана 20 уюмга

Ишкер Media