Кыргызстан "RES 2026 EXPO" көргөзмөсүнө павильонун тааныштырды

Кыргызстан "RES 2026 EXPO" көргөзмөсүнө павильонун тааныштырды

Кыргызстандын делегациясы, жаратылыш ресурстары министри Акыл Токтобаевдин жетекчилиги алдында, 2026-жылдагы Регионалдык экологиялык саммитке жана экологиялык жана "жашыл" технологиялар боюнча эл аралык "RES 2026 EXPO" көргөзмөсүнө катышууда. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары министрилигинен билдирди.

Маалыматка таянсак, улуттук павильон алдыңкы технологияларды жана өлкөнүн терең маданий философиясын бириктирген экспозициянын негизги бөлүгү болуп калды.

Павильондун концепциясы үч улуттук символдун айланасында түзүлгөн:
Тоолор -Борбордук Азиянын суу жана экологиялык коопсуздугунун негизи катары;
Ак илбирс - климаттык өзгөрүүлөрдүн көрсөткүчү жана экосистемалардын назиктигинин символу катары;
Айгүл гүлү биологиялык ар түрдүүлүктүн жана мураска аяр мамиленин белгиси катары.

Көргөзмөнүн жүрүшүндө министр Акыл Токтобаев өлкөнүн "жашыл" өсүшкө өтүүсүнө өзгөчө көңүл бурду. Экспозициянын алкагында “Жашыл мурас” программасынын натыйжалара, жаңылануучу энергия булактарын өнүктүрүү боюнча долбоорлор жана экологияны мониторинг кылуунун санариптик инструменттерин киргизүү көрсөтүлдү.

“RES 2026 EXPO” көргөзмөсүнө катышуу Кыргызстан аймактык өнөктөштүккө даяр экенин жана 2027-жылдагы маанилүү Дүйнөлүк тоо саммитине даярдык көрүп жатканын баса белгилейт.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Авазада бүгүн, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө

Ишкер Media
Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Уйкуну көзөмөлдөп, температураны өзү жөнгө салып, жүрөктүн кагышын жана дем алуу ыргагын өлчөп, адамды ойготкон «акылдуу» керебеттер пайда болду. Мындай технологиялардын бири — америкалык Eight Sleep компаниясынын Pod системасы. Ал кадимки матраска орнотулуп, уктап жаткан адамдын көрсөткүчтөрүн атайын сенсорлор аркылуу көзөмөлдөйт. Системанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — керебеттин эки тарабындагы температураны өзүнчө жөнгө

Ишкер Media
Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдиктин Кеңеши Россиянын чет өлкөлөрдөгү туруксуздаштыруучу аракеттерине жооп катары киргизилген айрым чектөө чараларынын мөөнөтүн 2027-жылдын 9-октябрына чейин узартты. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, чаралар Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө”, анын ичинде чет өлкөлүк маалымат мейкиндигин манипуляциялоо жана кийлигишүүгө (FIMI) байланыштуу киргизилген. Учурда бул санкциялык режимдин алкагында 80 жеке адамга жана 20 уюмга

Ишкер Media