Кыргызстандык айдоочулар Европада экзаменге кирбестен Code 95 сертификатын ала алышат

Кыргызстандык айдоочулар Европада экзаменге кирбестен Code 95 сертификатын ала алышат

Оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары үчүн эл аралык эмгек рыногунда ишке орношуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган маанилүү жаңылык болуп, Кыргызстанда европалык кесиптик айдоочулук сертификаты - Code 95 алуу боюнча окуу программасы ишке киргизилгени кабарланды. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди.

Каныбек Туманбаевдин айтымында, окутуу лицензияланган европалык компаниянын катышуусунда жүргүзүлөт. "Бул эң негизгиси биздин жарандарга Европа Биримдигинин өлкөлөрүнө барбастан эле, ортомчусуз, керектүү квалификацияны алууга мүмкүнчүлүк түзүп, убакытты жана чыгымдарды олуттуу кыскартат. Бизге жеткен маалыматка ылайык Европа Биримдигинин өлкөлөрүндө дагы Code 95 алууда да ортомчулар пайда болуп, чыгымдар 3000 еврого чейин чыгып жатыптыр", - дейт Туманбаев.

Бул сертификатка ээ болгон жарандар Европа Биримдигинин аймагында расмий түрдө иштей алышат жана окутуу эки форматта жүргүзүлөт:

— 1 жумалык курс — 2009-жылдын 10-сентябрына чейин CE категориясын алган айдоочулар үчүн.

Бул курс болжол менен 35 сааттык теориялык окутууну камтыйт. Мындан тышкары, ушуга жакын көлөмдө практикалык сабактар да болот.

— 3 жумалык курс — 2009-жылдын 10-сентябрынан кийин CE категориясын алган айдоочулар үчүн.

Кыргызстанда окуудан өткөндөн кийин, айдоочулар Европага барганда кошумча экзамендерсиз жана кошумча окутуусуз эле Code 95 сертификатын ала алышат. Code 95 сертификаты улуттук айдоочулук күбөлүк менен бирге көрсөтүлгөндө жарактуу болот.

 

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде 375 орундуу мектептин курулушу башталды

Баткенде 375 орундуу мектептин курулушу башталды

Баткен шаарынын Кызыл-Жол чөлкөмүндө 375 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды. Курулуштун башталышына карата салтанаттуу иш-чара өтүп, мектептин аймагына мезгил кутучасы салынды. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов, АРИСтин аткаруучу директору Калыбек Жумадылов, Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев жана жергиликтүү

Кызыл-Кыяда 91 млн сомго инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда

Кызыл-Кыяда 91 млн сомго инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов Кызыл-Кыя шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында шаардагы инфраструктуралык жана өндүрүштүк объектилердин абалы менен таанышты. Бул тууралуу облустук админстрациядан билдиришти. Маалыматка ыылайык, иш сапардын жүрүшүндө облус башчысы социалдык объектилерге, жол жана коммуналдык инфраструктурага байланышкан долбоорлорду жеринен көрүп, жергиликтүү ишкерлер менен жолугушту. Жолугушууда

Сокулуктагы инновациялык мектеп жаңыланууда

Сокулуктагы инновациялык мектеп жаңыланууда

Чуй облусунун Сокулук райондундагы К.Шопокова атындагы №3 инновациялык жалпы билим берүү мектебинде заманбап билим берүү шарттарын түзүүгө багытталган оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүп жатат. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, жалпысынан STEM багытындагы химия, физика, биология, математика, география жана информатика боюнча 16 класстык бөлмө, китепкана, спортзал ошондой эле

Мыйзамсыз балык кармагандарга айып пул салынды

Мыйзамсыз балык кармагандарга айып пул салынды

Жаратылыш министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын тескөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын үрүшүндө жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилерине, анын ичинде балык жана суу жаныбарларына мыйзамсыз аңчылык кылуу же аларды мыйзамсыз алуу фактысы аныкталды. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын маалыматына ылайык, аталган факты боюнча 2 административдик протокол түзүлүп, салынган административдик айып