Мамлекеттик сыйлыктардын саны кыскарды

Мамлекеттик сыйлыктардын саны кыскарды

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын малекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө” мыйзамына кол койду. Мыйзам ушул жылдын 19-мартта Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Бул тууралуу президенттик маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Мыйзамдын максаты жарандардын мамлекет жана коом алдында сиңирген эмгектерин моралдык жактан таанууну чагылдырган жогорку ардак наамдар системасын түзүү болуп саналат.

Мыйзам менен төмөнкүлөр сунушталууда:

мамлекеттик сыйлыктардын, ардак наамдардын жана мамлекеттик сый акылардын түрлөрүнөн 46 түрдүн 22син белгилөө аркылуу алардын системасын бир эле мезгилде өркүндөтүү менен бекитүү, атап айтканда:

төмөнкүлөрдү уюштуруу менен:

“Эрдик” ордени (даражалары жок) – биринчи категориядагы мамлекеттик сыйлыгын;

“Ардак»” медалы – экинчи категориядагы мамлекеттик сыйлыгын;

“Кыргыз Республикасынын жаратманы” ардак наамын;

“Кыргыз Республикасынын сыймыгы” ардак наамын;

төмөнкү ардак наамдарын сактоо менен:

“Кыргыз Республикасынын эл мугалими”;

“Кыргыз Республикасынын эл врачы”;

“Кыргыз Республикасынын эл артисти”;

“Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу”;

“Кыргыз Республикасынын эл акыны”;

“Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү”;

төмөнкүлөрдү алуу менен:

“Ата Мекен Баатыры” Кыргыз Республикасынын артыкчылык даражасы  - өзгөчө категориядагы мамлекеттик сыйлыгын;

“Данакер” ордени  - биринчи категориядагы мамлекеттик сыйлыгын;

3 даражадагы “Эрдик” ордени  - биринчи категориядагы мамлекеттик сыйлыгын;

“Даңк” медалы - экинчи категориядагы мамлекеттик сыйлыгын;

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы - үчүнчү категориядагы мамлекеттик сыйлыгын;

“Эмгек сиңирген”  экинчи категориядагы ардак наамдарын;

мамлекеттик сыйлыктардын, ардак наамдардын жана мамлекеттик сый акылардын укуктук статусун аныктоо;

мамлекеттик сыйлыктарга, ардак наамдарга жана мамлекеттик сый акыларга сунуштоонун тартибин аныктоо;

мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоонун, ардак наамдарды ыйгаруунун жана мамлекеттик сый акыларды берүүнүн тартибин аныктоо;

мамлекеттик сыйлыктарга, ардак наамдарга жана мамлекеттик сый акыларга татыктуу болгон адамдардын укуктарын жана милдеттерин бекитүү;

мамлекеттик сыйлыктарга, ардак наамдарга жана мамлекеттик сый акыларга татыктуу болгон адамдарга социалдык кепилдиктерди Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгилөө;

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Авазада бүгүн, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө

Ишкер Media
Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Уйкуну көзөмөлдөп, температураны өзү жөнгө салып, жүрөктүн кагышын жана дем алуу ыргагын өлчөп, адамды ойготкон «акылдуу» керебеттер пайда болду. Мындай технологиялардын бири — америкалык Eight Sleep компаниясынын Pod системасы. Ал кадимки матраска орнотулуп, уктап жаткан адамдын көрсөткүчтөрүн атайын сенсорлор аркылуу көзөмөлдөйт. Системанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — керебеттин эки тарабындагы температураны өзүнчө жөнгө

Ишкер Media
Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдиктин Кеңеши Россиянын чет өлкөлөрдөгү туруксуздаштыруучу аракеттерине жооп катары киргизилген айрым чектөө чараларынын мөөнөтүн 2027-жылдын 9-октябрына чейин узартты. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, чаралар Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө”, анын ичинде чет өлкөлүк маалымат мейкиндигин манипуляциялоо жана кийлигишүүгө (FIMI) байланыштуу киргизилген. Учурда бул санкциялык режимдин алкагында 80 жеке адамга жана 20 уюмга

Ишкер Media