Чоң Чүй каналынын жээгине сейил бак курулат
Чоң Чүй каналынын жээгинде сейил бак курулат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев кытайлык компаниянын өкүлдөрү менен болгон көчмө жыйында билдирди.
Маалыматка таянсак, “Сейил бак “Алга” стадионунун аймагындагы көрктөндүрүлгөн үлгүгө окшош болот.
Учурда каналдын жээгинде санитардык тазалоо иштери жүргүзүлүп, жээтер бекемделип, коопсуздук чаралары көрүлүүдө.
Эске салсак, ушул тапта Чоң чүй каналынын жээгин көрктөндүрүү боюнча ири иш-чаралар өткөрүлүүдө.